Аймак

«DIAMOND PRINCESS» КЕМЕСИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАН КОРОНАВИРУС АНЫКТАЛДЫ

«DIAMOND PRINCESS» КЕМЕСИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАН КОРОНАВИРУС АНЫКТАЛДЫ

 974 Бардыгы /

Жапониянын Иокогама портунда карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесинде Кыргызстандын жараны коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Кыргызстандын жараны вирус жугузуп алганын 26-февралда тапшырган анализинин жыйынтыгы көрсөткөн.

Абдрахманов кыргызстандык бейтап учурда Жапониядагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын жана абалы жакшы экенин кошумчалады.

Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги Кыргызстандын жараны менен байланышып, утур-утур кабар алып жатат.

Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып вирустун айынан карантинге алынган. Кемеде 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган болчу.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17