Аймак

АЯЛ –  ЖАШООНУН ЖАЗЫ, ӨМҮРДҮН ГҮЛҮ

АЯЛ –  ЖАШООНУН ЖАЗЫ, ӨМҮРДҮН ГҮЛҮ

 2,887 Бардыгы /

Жер жүзүндөгү бүткүл аялзатынын 8-Март Эл аралык майрамы 1910-жылдан бери белгиленип келет. Дал ушул жылы Копенгагенде жумушчу аялдардын экинчи эл аралык конференциясы болгон. Анда Германиянын социал- демократиялык партиясынын аялдар тайпасынын лидери Клара Цеткин эл аралык аялдардын күнүн белгилөө идеясын көтөрүп чыккан.  БУУнун чечими менен бул майрам “Эл аралык аялдар күнү” расмий макамын 1975-жылы алган.  Айымдар учурда бардык тармактарда эмгектенип, мырзалар менен тең тайлашып эл үчүн кызмат кылып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн салым кошуп келүүдө.  Аялзаты тууралуу мамлекеттик кызматкерлерден учкай кеп салдык…

Замира АДЫШОВА, Базар-Коргон районунун акиминин орун басары:

“АЛГАЧКЫ БЕЛЕКТИ АПАМ БЕРГЕН”

-Мен бул кызматты 2017-жылдан бери аркалап келем. Учурда биздин мекемеде жети айым эмгектенет. Райондун социалдык тармагын жетектөө түйшүктүү иш, бирок жетишип  мырзалар менен тең аракетте иштеш керек. Социалдык тармакты аялдар башкарганынын негизи мында үй-бүлөдөгү бардык көйгөйлөр камтылат. Калктын бардык катмарын айыл, шаар, ар бир көчөнүн тазалыгы, иреттүүлүгү жана башка бардыгын биздин бөлүм көзөмөлдөйт. Ал эми мамлекеттик кызматта айымдардын иштөөсү тартип, жоопкерчилик менен коштолот. Учурда аялдар үчүн майрамдык иш-чараны даярдап жатабыз. Жылда акимдин резервдик фондунан белектерди даярдап 150-200дөй айымды чакырабыз. Мен үчүн эсте калганы сегизинчи мартка алгачкы белекти апам берген. 4 кыз, 4 уулдун энеси болгон апам чебер аял эле, өзү шырдак, килемдерди жасачу. Эки эжем менен мага апам түнү менен көйнөк тигип койгон экен. 8-мартта биз ошол көйнөктөрдү кийип алып майрамдаганбыз, ошол белек эч эсимден кетпейт.

Гүлжамал СУЛТАНГАЗИЕВА, Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары:

“МАЙРАМ  ЖЫЛУУ СЕЗИМДЕР МЕНЕН КОШТОЛОТ

– Айымдардын ишмердүүлүгү мамлекеттик кызматта өтө зор күчкө ээ. Бекеринен депутаттыкка айымдардын 30%ы  киргизилген жок, себеби мамлекетибиздин ар бир тармагында аялзаты эмгектенип келет. Бизде жалпы 14 кызматкер болсо, алардын ичинен үчөө же 21%ы айымдар. Аялзаты эң биринчи кезекте эне, ал эми ар бир эне балдарынын бакубат жашоосун каалайт. Андыктан балдарынын кең келечеги үчүн өлкөнүн өсүп өнүгүүсүнө болгон күч аракеттерди жумшайт. Район боюнча биз сыймыктанган аялзаты көп, алардын ичинен 386 көп балалуу баатыр эне бар.

Март майрамында бардык эле аялзатына көңүл бөлүнүп, алардын асылдыгы даңазаланат. Бул майрамда эсте калчу көп көз ирмемдер бар. Балдарымдын бала бакчада өз колдору менен эң алгачкы жасаган открыткалары дагы эле жакшы белек катары эсимде. Майрам мен үчүн кызыктуу жана жылуу сезимдер менен коштолот.

Асел ЖУНУСАЛИЕВА, Ала-Бука районунун акиминин орун басары:

“АПАМДЫН МАЙРАМЫ ДЕП ЭСЕПТЕЙМ”

Бул кызматка келгениме эки айдын жүзү болду. Буга чейин агартуу тармагында жөнөкөй мугалимден баштап директорлукка чейинки кызматта иштедим. 16 жыл эл үчүн, алардын балдары үчүн түйшүктүү кызматты аркалап келипмин. Ошол учурда балдар сүйүнсө сүйүнүп, ыйласа кошо ыйлап эң жакшы убакыттарды өткөрдүм. Айым катары айтсам негизи бул жерде иштөөнү деле оңой дей албайбыз. Жумушка эрте келип, кеч кетесиң. Назик, аруу болгону менен аялзатынын колунан бардык иш келип, аябай мээнеткеч болот экенбиз. Мен үчүн азыр бары жаңылык, социалдык тармакта эл менен иштешүү ары татаал, ары кызык. Сегизинчи март дегенде ар бир аялзатында өзгөчө кубануу сезими болсо керек. Жаздын келиши менен байчечекейлер чыгып, жашоо жаңыланган учур болот. Бул майрам аябай жагат, күтүүсүз белектерди алганды жактырам. Негизи айымдар күндө майрам болушу керек. Үй-бүлөнүн тынчтыгы, бактысы бул аял үчүн майрам. Мен эс тарткандан бери эле 8-мартты апамдын майрамы деп эсептейм. Бизге кош майрам, анткени жылда бул күндү апамдын туулган күнү катары үй-бүлөбүз менен майрамдайбыз.

Мээрим АКУМБАЕВА, Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэри:

“АЯЛЗАТЫ АР ДАЙЫМ СЫЙ-УРМАТКА ТАТЫКТУУ”

– Бул майрамды ар бир аял өзгөчө күтүп алса керек. Аял катары мен да күтөм. Апама берген биринчи эсте каларлык белегим, бала бакчага барган кезимде Каземирова деген эжекебиз түстүү кагаздардан гүл жасаткан эле. Ошол гүлдү апама алгачкы белек катары бергем. Аялзаты негизи көңүл бурууга, сый-урматка бир эле ушул күнү эле эмес дайыма татыктуу. Алар бар жашоо жаңыланып, өмүр уланат.

Буйруса 8-Мартка карата 70 “Баатыр эне”, “Эне даңкы” сыйлыгын алган аялдарды шаардык мэрияга чакырып, сый тамак жана концерттик программалар уюштурулат.  Ошондой эле шаар боюнча 20 мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга үймө-үй кыдырып  жеринде куттуктайбыз. Ал эми шаардык мэриянын ичинде кесиптеш мырзалар бизге майрамдык кече даярдоодо. Шаар боюнча айымдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда орду чоң.  Ар бир жамаатта 60-70%ын айымдар түзөт. Мэрия боюнча 18 штат болсо, учурда 15 адам эмгектенип, анын ичинен 9у айымдар.

Андан сырткары ары кооптуу, ары жооптуу күч түзүмдөрүндө иштеген мырзалар бул майрамда жакындарын кантип куттуктаганына кызыгып көрдүк.

Эрнист МОЛДОКЕЕВ, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник:

“ЖУБАЙЫМА БИРӨӨНҮН БАГЫНАН ГҮЛ ҮЗҮП БЕРГЕНМИН”

-Биздин шаардык ички иштер бөлүмүнүн курамында жалпы жүз болсок, анын ичинен 10 кызматкер айым иштейт. 8-Март майрамы чоң мааниге ээ. Жылда салтка айлангандай өзүбүздөгү кесиптеш айымдарды белектер, сый тамак менен куттуктап келебиз. Алдыда майрам күнүнө карата айымдарга жеңилдик катары жумуштан эртерээк бошотобуз. Эгер эс алуу күнүнө туура келип салса, анда бир күн кошумча эс алуу беребиз. Ал эми үй-бүлө жаатында жубайымды, кыздарымды балдарым менен өзгөчө куттуктайбыз. Алгачкы жолу жубайыма бирөөнүн багынан гүл үзүп бергеним эсимде. Негизи аялзатына берүүчү белектердин символу катары жубайыма белекке гүл берип жүрөм. Учурдан пайдаланып сиздердин жамаатты, биздин бөлүмдүн кыздарын үй-бүлөмдүн атынан куттуктайм. Түйшүктүү жумушуңуздарда да ийгиликтер, жакшылыктар болсун. Негизи аялдардын эл аралык күнү менен жалпы аялзатын куттуктап кетем.

Молдогазы АЛЫМБАЕВ, 704 аскер бөлүгүнүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, капитан:

“АЙЫМДАРДЫН АСКЕР КЫЗМАТЫНДА ДА ЧОҢ ОРДУ БАР”

-Бул майрамды биздин аскер бөлүктө ар жылы белгилеп келебиз. Бөлүктүн командири тарабынан атайын сыйлоо барактары, офицер-прапорщиктер тарабынан белектер, жоокерлер тарабынан чакан концерттик программа  өткөрөбүз. Бизде айымдар ар ким өзүнүн кызматын аткарып келет. Бири ашпозчу, бири медайым, кассир жана кагаз иштерин жүргүзүүчү жана башка кызматтарда эмгектенишет. Айымдардын аскер кызматында да чоң орду бар. Жумуш учурунда мырзалардай эле мамиле кылабыз, алар биз менен тең тайлашып өз кызматтарын аткарып келишет. Ал эми башка учурда эже-карындаш катары сыйлап алабыз. Аскер кызматкерлери үй-бүлөгө көп деле көңүл бура албай калат экенбиз. Себеби аскер бөлүктө өздүк курамда майрамдык иш-чаралар менен болуп кол бошобой калат. Анан майрам күнү же андан соң жубайларыбызды гүл десте же чакан белектер менен кубантып коёбуз. Ошол күнү сенин тамагың жакшы болуптур, үй жыйналбай турса деле үй сонун жыйналыптыр деп жакшы маанайда көңүлүн көтөрөбүз. Ата-энелерге, эже-карындаштарга да чалып куттуктайбыз. Азыр алыста туруп эле белек берип койсо болот.  Алыста экенине байланыштуу кол телефонуна эле бирдик салып кутулабыз.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак” 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17