Аймак

“ХИЗБ-УТ-ТАХРИР” ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТИК АГЫМЫНАН БАШ ТАРТКАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ

“ХИЗБ-УТ-ТАХРИР” ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТИК АГЫМЫНАН БАШ ТАРТКАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ

 1,072 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Диний экстремизм, радикализм жана терроризмдин алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүнү ишке ашыруу жөнүндөгү 2017-2022-жылга кабыл алынган программасын аткаруу максатында Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан областтын аймагында диний экстремизм, радикализм жана терроризмдин түшүнүктөрү ошондой эле өзгөчөлүктөрү жөнүндө, тактап айтканда ислам динине жамынган радикалдуу агымдардын пайда болуусу жана көбөйүүсү тууралуу коомчулуктун арасында жана каттоодо турган атуулдар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Жогорудагы иштердин натыйжасында Сузак районунун 1967-ж.т. К.Р. аттуу тургуну 20 жыл мурун “Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик агымына кирип, бир канча жыл идеяларын колдоп, китептерин окуп келген.

Бүгүнкү күндө ал буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин түшүнгөн жана ал идеяны колдоодон баш тарткан. Ошондой эле ал өз сөзүндө “Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик агымы туура эмес экендигин белгилеп, 5 жыл мурда анын үй-бүлөсү (аялы, баласы, небереси) Сирия мамлекетинде болуп жаткан согуштук аракеттерге катышуу үчүн чагымчыл күчтөрдүн аракети менен азгырылып кетип калгандыгын айтып өткөн. Азыркы күндө үй-бүлө мүчөлөрү Ирак мамлекетиндеги качкындар лагеринде кармалып тургандыгын айтып, ал элдерди, өзгөчө жаштарды экстремисттик жана террористтик чагымчыл күчтөргө азгырылбастан, туура диний көз карашты карманууга чакырып өттү. Жалал-Абад ОИИБнин ЭММКАКнын маалыматына ылайык, областтын аймагында “Хизб-ут-тахрир” диний экстремисттик агымынын идеяларын колдогон 500дөн ашуун жаран катоодо турат. Ал эми Сириядагы согуштук аракеттерге кеткен 117 адам аныкталып, алардын ичинен 12си өз мекенине кайтарылган.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17