Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАЛАЛ-АБАД: МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 1,722 Бардыгы /

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абаддагы Эркиндик аянтында мамлекеттик туу күнү белгиленди.

Ага  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Бул чакан салтанатта туу күнү менен Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков куттуктады.

Урматтуу мекендештер сиздерди Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз мамлекетибиз байыркы  элибиз үчүн туубуз өзгөчө мааниге ээ. Бүгүн биз кызыл туунун тубүндө биригип, ак эмгек менен адал иштеп эртеңки келечек  ээлерине сыймыктана турган мамлекетти курууга милдеттүүбүз”,-дейт Ы.Ызабеков

Эске сала кетсек, Туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17