Аймак

БУУ: ОРУСИЯНЫН СИРИЯДАГЫ АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАРГА ТИЕШЕСИ БАР

БУУ: ОРУСИЯНЫН СИРИЯДАГЫ АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАРГА ТИЕШЕСИ БАР

 910 Бардыгы /

Сириядагы аскердик кылмыштар тууралуу маалыматтарды иликтеген БУУнун көз карандысыз комиссиясы Орусия ондогон жай тургундун өмүрүн алган аба соккуларына катышкандыгы жазылган баяндамасын жарыялады. Бул тууралуу The Guardian гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, БУУнун эксперттери алгачкы жолу орус тарапты аскердик кылмыш жасоого ачык айыптап жатышат.

2019-жылдын экинчи жарымындагы окуяларга арналган баяндамада 22-июлда Мааррат-эн-Нууман шаарындагы базарга жана 16-августта Хас калктуу конушундагы качкындар жайгашкан жайга жасалган аба соккулары тууралуу маалыматтар бар. Анда аба соккулары эки жолу жасалганы, экинчи жолкусунда жабыркагандарга жардам көрсөтүп жаткан куткаруучулар жабыркаганы белгиленген. Соккулардан улам жалпысынан 43 адам, анын ичинде төрт бала каза болгон. Хас калктуу конушунда 20 киши өлгөн. Арасында сегиз аял жана төрт бала болгон.

«Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө, видеожазууларга, электрондук сүрөттөргө, радио сүйлөшүүлөргө, ошондой эле учактардын учуусуна көз салган байкоочулардын маалыматтарына таянуу менен комиссия Орусия учактары эки чабуулга тең катышкан деп билдирүүгө жетиштүү негиз бар экенин белгилейт. Эки соккуда тең орусиялык аскерлер конкреттүү аскердик максатты көздөшкөн эмес. Бул аскердик кылмыш болуп эсептелет», — деп жазылган баяндамада.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17