Аймак

ТОГУЗ-ТОРО: ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

ТОГУЗ-ТОРО: ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,069 Бардыгы /

Тогуз-Тородо райондук деңгээлде спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу  аймактык кабарчы билдирди.

Белгилүү болгондой мелдешке 5 айыл аймактан  12 команда күч сынашкан. Ак калпак күнүн утурлай райондогу демилгелүү жаштар айыл аймактын балдарын ынтымакка, спортту сүйүүгө үндөө максатында  волейбол боюнча мелдеш өткөрүшкөн.

Негизи бул мелдешке райондогу 12 айылдагы мектептер катышты. Жеңүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөн жаштарга кызыктыруучу белектерди жана дипломдорду ыйгарылдык. Буга чейин да мектеп окуучуларынын арасында алгачкы жолу хоккей оюнун өткөргөнбүз. Буйруса Нооруз майрамын утурлай чоң масштабда спорттук иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз”,-деди мелдештин уюштуруучусу Тынчтык ТААЛАЙБЕКОВ.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17