Аймак

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: УЛЬТИМАТУМ ТИЛИ КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: УЛЬТИМАТУМ ТИЛИ КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ

 756 Бардыгы /

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Жыйында президент 2-мартта Бишкекте өткөн митинг тууралуу да сөз сүйлөп, мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин белгиледи.

«Кечээ милиция кызматкерлери өз милдеттерин толук аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчысы катары дагы бир жолу кайталап айтам – коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек», – деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылып жатышынан улам өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине көңүл бурууга басым жасады.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул багытта көрүлүп жаткан антикризистик чаралар, өлкө экономикасы үчүн кесепеттердин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг өткөн. Анын соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.

Өпкөнүн сезгенишине алып келген коронавирустан шейшембиге карата дүйнөдө 3116 миң киши көз жумду. 48 миңдейи айыгып чыкты. Вакцинасы табыла элек бул илдет Антактидадан башка бардык материктерде же дүйнөнүн 70 өлкөсүндө табылды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17