Аймак

ТАЖИКСТАНДА КОРОНАВИРУСКА БАЙЛАНЫШТУУ МЕЧИТТЕРДЕ НАМАЗ ОКУБАЙ ТУРУУ СУНУШТАЛДЫ

ТАЖИКСТАНДА КОРОНАВИРУСКА БАЙЛАНЫШТУУ МЕЧИТТЕРДЕ НАМАЗ ОКУБАЙ ТУРУУ СУНУШТАЛДЫ

 1,187 Бардыгы /

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында Тажикстандагы мечиттер жакынкы күндөрү жабылышы мүмкүн.

Душанбеде кеминде үч мечитте жамаат менен намаз окуудан баш тартуу сунушталды.

Шейшемби күнү шаардагы борбордук мечиттин имамы Абдулхак Обидов жарандарды убактылуу мечиттерде намаз окубай турууга чакырып, мындай чечим коронавирустун жайылуусунун алдын алуу үчүн кабыл алынганын айтты. «Урматтуу мусулмандар, бизди туура түшүнүңүздөр. Бизге ушундай буйрук келди», — деди имам.

Ал ортодо Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода мечиттердеги карантин тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин, бирок зарыл болсо жума намаздарды өткөрбөй туруу чечими кабыл алынышы мүмкүндүгүн билдирди.

Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети мечиттердеги карантин Тажикстан Ислам борборунун сунушуна негизделип кабыл алынганын билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургундар жок. Бирок өлкө бийлиги вирустун жайылышына жол бербөө максатында бир катар чараларды көрүүдө. Буга чейин Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген миңден ашык адам эки жумалык карантинде болуп чыгышкан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17