Аймак

АНЖИЯНДА РАЙОН БАШЧЫСЫН СЫНДАГАН БЛОГЕР КАМАККА АЛЫНДЫ

 865 Бардыгы /

Анжиян облусунун Пахтаабад районунда социалдык түйүндөр аркылуу тургундардын көйгөйлөрүн чагылдырып келген жергиликтүү блогер Журабек Кимизов камалды.

Ал 26-февралда жергиликтүү милиция бөлүмүнө чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Туугандары блогер «Алдамчылык» беренеси боюнча айыпталып жатканын билдиришүүдө. Жубайы Асилзода Холмирзаева күйөөсүнө карата козголгон кылмыш ишин «буйрутма» деп эсептейт.

«Күйөөм Орусияда жүргөндө бир киши эки жыл мурда сумкасын жоготконун айтып, милицияга арызданыптыр. Тергөөчүлөр ага дагы эки-үч ишти кошуп, кылмыш ишин козгошуптур. Азыр күйөөмдү алдамчылыкка айыптап жатышат. Башка эч нерсе билбейм. Тергөөчү суроолорума жооп берүүдөн баш тартууда. Азыр күйөөмдүн кайсыл тергөө абагында экенин да билбейм», — деди Холмирзаева.

Пахтаабадда айдоочу болуп иштеген 38 жаштагы блогер Журабек Кимизов коңшу өлкөлөр менен чек араларда жайгашкан бажы бекеттериндеги абалды сындап келген. Ал 3 долларлык бажы төлөмүн жоюу өтүнүчү менен өзбек өкмөтүнө кайрылган Москвадагы такси айдоочуларынын арасында да болгон.

Кимизов 2018-жылы Youtube сервисинде видеоблог ачып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чагылдыра баштаган.

Акыркы кездери Өзбекстанда бийликтин аракеттерин сынга алган блогерлерди камакка алуу, ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу учурлары көп катталууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17