Аймак

АКСЫДА КОНТРАБАНДАЛЫК ТОВАРЛАР АНЫКТАЛДЫ

АКСЫДА КОНТРАБАНДАЛЫК ТОВАРЛАР АНЫКТАЛДЫ

 1,301 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 2020-жылдын 28-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБнин  Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын опер кызматкери тарабынан маалымат алынып, андагы маалыматта белгисиз жаран контрабандалык жол менен коңшу Өзбекстан мамлекетине жүк өткөрүү максатында чек арага жакын аймакта тургандыгы билдирилген. Аталган маалыматтын негизинде 2020-жылдын 28-февраль күнү Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагындаАксы районунун  тургуну 1990-ж.т. Б.А. кармалып, ак түстөгү “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаасындагы бир нечекоробкалар далил буюм катары алынган.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматынан билдиргендей, бул факты боюнча топтолгон материалдар Аксы РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 223-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Б.А.нын автоунаасы Аксы РИИБнин короосуна киргизилип, төмөнкү буюмдар алынган:

  • Бишкек коньягы – 0.5л. 7 даана
  • С серебром арагы – 1 л. 9 даана
  • С серебром арагы – 0.5л. 46 даана
  • Градусник арагы – 0.5 л. 49 даана
  • 113 коробкаконфет
  • 1150 даана ДБК үлгүсүндөгү оюн карталары.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17