Аймак

ТАЖИК БИЙЛИГИ ӨЛКӨДӨ АЗЫК-ТҮЛҮК ЗАПАСЫ ЭКИ ЖЫЛГА ЖЕТЕРИН БИЛДИРДИ

ТАЖИК БИЙЛИГИ ӨЛКӨДӨ АЗЫК-ТҮЛҮК ЗАПАСЫ ЭКИ ЖЫЛГА ЖЕТЕРИН БИЛДИРДИ

 872 Бардыгы /

Тажикстандын бийлиги өлкөдөгү азык-түлүк запасы эки жылга жетерин жана эл буга байланыштуу тынчсызданбай койсо болорун билдирди.

4-мартта өлкөдө коронавирус жуктурган адам аныкталгандыгы тууралуу ушак тарагандан кийин тургундар дүрбөлөңгө түшүп, жапырт азык-түлүк сатып ала башташкан. Буга байланыштуу баалар кескин жогорулап кеткен.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед азык-түлүк импорту мурдагыдай эле экенин, учурда калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстанда коронавирус жуктурган учур катталган жок. Учурда Кытайдан, Түштүк Кореядан, Италиядан, Ирандан жана Ооганстандан келген 1,5 миң адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындан тышкары дагы 320 киши карантинде кармалууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17