Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,431 Бардыгы / Жаз айынын алгачкы күнүндѳ кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон ак калпак күнү жана эгемен мамлекеттибиздин ѳз алдынчалыгын далилдеген Кыргыз мамлекеттинин кырмызы кызыл туу күнү белгиленет. Кыргыз ѳлкѳсүнүн Туусу 1992-жылдын 3- мартында кабыл алынган, ал эми ак калпак күнү официалдуу эмес түрдѳ 2011-жылы режиссер Рысбек Жабиров агабыздын демилгеси менен белгилене баштаган. Жылдан жылга […]
3,432 Бардыгы / Жаз айынын алгачкы күнүндѳ кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон ак калпак күнү жана эгемен мамлекеттибиздин ѳз алдынчалыгын далилдеген Кыргыз мамлекеттинин кырмызы кызыл туу күнү белгиленет. Кыргыз ѳлкѳсүнүн Туусу 1992-жылдын 3- мартында кабыл алынган, ал эми ак калпак күнү официалдуу эмес түрдѳ 2011-жылы режиссер Рысбек Жабиров агабыздын демилгеси менен белгилене баштаган. Жылдан жылга […]
ТАРЫХ БИЗГЕ ТАРТУУЛАГАН «АК КАЛПАК» ЖАНА «КЫЗЫЛ ЖЕЛЕК»
05.03.2020 / Автор aymak3,433 Бардыгы /
Жаз айынын алгачкы күнүндѳ кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон ак калпак күнү жана эгемен мамлекеттибиздин ѳз алдынчалыгын далилдеген Кыргыз мамлекеттинин кырмызы кызыл туу күнү белгиленет. Кыргыз ѳлкѳсүнүн Туусу 1992-жылдын 3- мартында кабыл алынган, ал эми ак калпак күнү официалдуу эмес түрдѳ 2011-жылы режиссер Рысбек Жабиров агабыздын демилгеси менен белгилене баштаган. Жылдан жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016- жылдын 29- июнунда Жогорку Кеңештин №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынып официалдуу статусун алган. Акыркы жылдары ак калпак күнү элибиздин жашоо-турмушунда эң маанилүү күндѳрдүн бири болуп калды. Үстүбүздѳгү жылдын 5-март ак калпак күнүн Тогуз-Торо эли да ѳзгѳчѳ шаң менен бул майрамды эсте калаарлык мекенчилдик сезим менен ѳткѳрүштү. Иш чарага райондун мекеме кызматкерлери, мектеп окуучулары, мугалимдер жана жаштар катышышты. Колдоруна желек алып, башына ак калпагын кийген жигиттерибиз Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркынан А.Сыдыков атындагы маданият үйүнѳ чейин жѳѳ жүрүшүн ѳткѳрүштү. Бул саамалыкка №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал, №2 А.Абдраимов атындагы , №13 М.Жаңыбаева атындагы жана Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары атайын ѳздѳрү жасаган калпактын сувинерлерин жана мамлекеттик тууну кѳтѳрүп чыгышып майрамды шаңга бѳлѳштү. Иш чаранын экинчи бѳлүгү райондук маданият үйүндѳ уланып, Тогуз-Торо районун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Султангазиева Гүлжамал Абалиевна баштаган бийлик ѳкүлдѳрү куттуктоо сѳздѳрүн сүйлѳшүп жалпы кыргыз журтун ак калпак күнү менен куттукташты. Куттуктоо сѳзүнѳн соң райондун маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик иш чара орун алды. Салтанаттын жүрүшүндѳ мекен жана ак калпак жѳнүндѳ ырлар жаңырып, кыргыз улуттук аспаптар ойнолуп иш чаранын катышычууларына жагымдуу маанай тартуулашты. Жалпы жолунан иш чара жогорку деңгээлде ѳткѳрүлдү. Башыбыздагы ак калпак менен улуттук туу тутар желегибиз желбиреп кыргыз кѳчү жолун улай беришине тилектешпиз.
Ак кар баскан Ала-Тообуздун элесин кѳз алдыбызга тарттырган улуттук баш кийимибиз кыргыз жигиттери үчүн айбаттуулукту, сүрдүүлүктү, айкѳлдүктү кѳргѳзүп, башына кийип жүргѳн ак калпагы менен алар ар дайым бийик экендигин даңазалап келет. Албетте ак калпак кийген кыргыз жигиттерин кѳргѳндѳ кѳкүрѳктѳ мекенчил сезим күчѳп, башында ак калпагы бар улуу Кыргыз болуп жаралганыбызга сыймыктанбай кое албайбыз. Касиети бар баш кийимибиз аркылуу ата-бабаларыбыз аны кийип жүргѳн адамдын жаш курагын, коомдогу ордун, деңгээлин айтып беришкен. Ушундай терең сырды ѳзүнѳ камтыган ак калпагыбыз жайкысын салкын, кышкысын жылуу, кийгенге жеңил болуп аны менен катар Кыргыздын тоого жакын, ниети ак, мүнѳзү курч жана бийикте турган эл экендигинен кабар берет. Ошондон улам кыргыз элинде «Асмандан жарык кѳрсѳң жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил» деген ураан бекеринен чыкпаса керек. Ак калпагы жылдызга тең кыргыз журтунун мындай баш кийими муундан-муунга сакталып, ар бир кыргыз жигити башынан түшүрбѳй кийип жүрсѳ деген тилегибиз жогору. Тилибиз жана маданиятыбыз барда улутубуз анын
келечеги бар деп билебиз, анын сыңарындай ак калпак барда кыргыз бар. Эртеңки келечекке жана анын ээлерине улуттук баалуулугубуз жана касиетибиз менен баралы.
Эрболот Иманбек уулу, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
04.12.2023 / Автор anarkan_kg ТҮРМӨДӨ МАҢЗАТ САТЫЛАТ!
-
11.12.2023 / Автор anarkan_kg Самат ДҮМҮРОВ: «КАРАВАН – БИЗГЕ КОРИДОР!»
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.