Аймак

КӨК-ЖАҢГАК:  ЭНЕЛЕР  СЫЙЛАНДЫ

КӨК-ЖАҢГАК:  ЭНЕЛЕР  СЫЙЛАНДЫ

 2,302 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Үстүбүздөгү жылдын  5-март күнү Көк-Жаңгак шаарында баатыр энелер, ардактуу эс алууда жүргөн апалар сыйланды.

Бул саамалыкка шаар мэри Уларбек Исмаилов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Аялдардын 8-март эл аралык майрамына карата 100 эне сыйланып, ага баатыр энелер, мекеме-уюмдардын кызматкерлери, ардактуу эс алуудагы апаларды чакырылган. Аларга белектер тапшырылып, сый тамак уюштурулган. Бул иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 35 миң сом бөлүнгөн.

Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Бахадыр Маткаримов буга чейин да мындай саамалыктар уюштурулганын жана дагы уюштуруларын кошумчалады.

«Мына ушул энелер тарбиялаган инсандар бүгүнкү күндө шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүп өсүүсүнө салымын кошуп келе жатышат. Биз энелерге таазим этип, сый көрсөтө беришибиз керек. Буга чейин жыл сайын энелерди чакырып, белектерди берчүбүз. Быйыл уюштурулган сый тамак концерттик программа менен коштолуп жатат. Мындан кийин дагы бул иш-чара улана бермекчи», – Б.Маткаримов.

Эскерте кетсек, буга чейин да энелерди сыйлоо иш-чаралары да өткөрүлүп келген. Көк-Жаңгак шаарында 11 миңден ашуун калк жашайт.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17