Аймак

АКШ ОРУСИЯЛЫК ИШКЕР ОЛЕГ ТИНЬКОВДУ МИЛЛИОНДОГОН БАЙЛЫГЫН ЖАШЫРУУГА АЙЫПТООДО

АКШ ОРУСИЯЛЫК ИШКЕР ОЛЕГ ТИНЬКОВДУ МИЛЛИОНДОГОН БАЙЛЫГЫН ЖАШЫРУУГА АЙЫПТООДО

 874 Бардыгы /

 

АКШ орусиялык ишкер Олег Тиньковду миллиардаган доллар мүлкүн жашырууга айыптоодо. Күнөөсү аныкталса, ал алты жылга чейин соттолушу мүмкүн. Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги өз сайтына айыптоочу бүтүмүн жарыялады.

Тиньков 1996-жылдан бери АКШнын жараны болгон жана алты жыл бул өлкөдө жашаган. 2013-жылы анын TCS Group компаниясы (ал Тинькофф банкын башкарат) акцияларын ачык жарыялагандан кийин ал жарандыктан баш тарткан. Банк Лондон биржасында 3 миллиард 200 миллион долларга бааланган.

Жарандыктан чыгар алдында бизнесмен салык төлөшү керек болгон. Айыптоо бүтүмүнө ылайык, ал кирешесин он эсеге азайтып көрсөткөн.

Тиньковго тагылган айыптоолор тастыкталса, ал алты жылга чейин эркинен ажыратылып, 500 миң доллар айып пул төлөйт. Ал мындан тышкары төлөнбөй калган салыктарды дагы төлөп бериши керек. Тиньков азырынча айыптоо боюнча үн ката элек.

Бизнесмен учурда Лондондо, сот аны АКШга өткөрүп берүү маселесин кароодо. Тиньков 20 миллион фунт стерлинг күрөө менен бошотулган, азырынча ал өлкөдөн чыга албайт жана өз батиринде гана түнөп, полициянын текшерүүсүнөн өтүп турушу керек. Аны электрондук билериктин жардамы менен көзөмөлдөшүүдө. Ал полицияга орус жана кипр паспортун, Италияда жашоого укук берген документин тапшырган.

Тинькофф-банк Орусияда ири жыйырма банктын катарына кирет, активдери 600 миллион рублга бааланган. Forbes журналы анын байлыгын 2 миллиард 200 миллион долларга баалаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17