Аймак

АЛМАТЫДА АКТИВИСТТЕР КЫТАЙДАН АЗЫК-ТҮЛҮК АЛЫП КЕЛҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

АЛМАТЫДА АКТИВИСТТЕР КЫТАЙДАН АЗЫК-ТҮЛҮК АЛЫП КЕЛҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

 853 Бардыгы /

6-мартта Алматы шаардык акимчилигинин алдына чогулган активисттер президент Касым-Жомарт Токаевдин атына кат жолдоп, Кытай менен чек араны жабууну жана бул өлкөдөн азык-түлүк алып кирүүгө тыюу салууну өтүнүштү.

Мамлекет башчыга жолдонгон катта ошондой эле коронавирус тууралуу журналисттерге толук маалымат берүү жана илдетке каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар үчүн коротулган каражат боюнча ачык отчеттун болушу сыяктуу талаптар жазылган.

— Биздин катта Алматы акимчилигине байланышкан талаптар да бар. Ошондуктан катты акимге бердик. Сагинтаевден жооп күтөбүз. 13-мартта кайра келебиз, — деди активисттердин бири.

Казакстан буга чейин Кытай менен автотранспорт, Иран менен аба байланыштарын токтоткон. Мындан тышкары Түштүк Кореяга жасала турган аба каттамдарынын санын азайткан.

8-марттан тарта Казакстанга Кытайдын, Ирандын жана Түштүк Кореянын жарандарынын киришине тыюу салынат. Мындан тышкары Каспий деңизинде Азербайжан менен Ирандан келген кемелерди тейлөө убактылуу токтотулат.

5-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов учурда Казакстанда миңге жакын адам карантинде экенин билдирген. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуктурган адамдар жок.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17