Аймак

АШХАБАДДА КАРЫЛАР ҮЙЛӨРҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ВЕЛОСИПЕД САТЫП АЛУУ ҮЧҮН АКЧА ЧОГУЛТУШУУДА

АШХАБАДДА КАРЫЛАР ҮЙЛӨРҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ВЕЛОСИПЕД САТЫП АЛУУ ҮЧҮН АКЧА ЧОГУЛТУШУУДА

 928 Бардыгы /

Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен ар түрдүү чыгымдарга, анын ичинде велосипед сатып алуу үчүн акча чогултулууда. Түркмөнстан борборундагы карылар үйүнүн кызматкерлери велосипед, желим түтүктөр жана имаратты оңдоо үчүн 200 манаттан (57,1 доллар) чогултуп жатышат.

Мекеменин атын атагысы келбеген кызматкери “Азаттыктын” түркмөн кызматына билдиргендей, желим түтүктөрдү, велосипеддерди эч ким көргөн жок, акча кайда жумшалганы белгисиз.

Түркмөнстанда бир нече жылдан бери велосипед сатып алуу үчүн акча чогултуу мекеме-ишканалар арасында кадыресе көрүнүшкө айланган.

Апрелде өлкө ден соолук жумалыктарын, июнда Велеосипед күнүн белгилейт. Президент демилгелеген майрамдар массалык иш-чаралар – веложүрүштөр менен коштолот.

Түркмөнстан бийлиги бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерден мажбурлап акча гана чогултпастан, аларды тазалык, айыл чарба иштерине да жумшайт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17