Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ТАЗАЛЫКТЫН АЙЫМДАРЫНА МААНАЙ ТАРТУУЛАГАН ШААР МЭРИ

ЖАЛАЛ-АБАД: ТАЗАЛЫКТЫН АЙЫМДАРЫНА МААНАЙ ТАРТУУЛАГАН ШААР МЭРИ

 924 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев 8-март – Аялдардын эл аралык майрамын утурлай, калаадагы тазалык жана жашылдандыруу кызматында эмгектенген аялдарды иш үстүндө барып куттуктап, майрамдык маанай тартуулады. Мында жеке каражатынан акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык шаар башчысы, аталган тармактарда эмгектенген кызматкерлердин арасында айымдардын да эмгеги чоң экенин белгиледи. Анткени алар үй-тиричилигинен артып, коомдун тазарышына да салым кошуп келерин айтты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык тазалык жана жашылдандыруу чарбасында жалпы 56 аял кызматкер эмгектенет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17