Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА 2021-ЖЫЛДАН ТАРТА ПАСПОРТТОРДУН ОРДУНА ID-КАРТАЛАР БЕРИЛЕ БАШТАЙТ

ӨЗБЕКСТАНДА 2021-ЖЫЛДАН ТАРТА ПАСПОРТТОРДУН ОРДУНА ID-КАРТАЛАР БЕРИЛЕ БАШТАЙТ

 769 Бардыгы /

Өзбекстанда 2021-жылдын 1-январынан тарта жарандарга биометрикалык паспорттордун ордуна ID-карталар (идентификалык карталар) бериле баштайт. Бул тууралуу 6-мартта өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, идентификациялык карталар өлкөдө жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга, жарандыгы жок адамдарга жана Өзбекстандын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүктөргө 10 жылдык мөөнөткө берилет.

ID-карталар Өзбекстандын аймагында гана жарактуу болот. Өлкө сыртына чыгуу үчүн биометрикалык чет өлкөлүк паспорт талап кылынат.

Буга чейин берилген 2011-жылкы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор менен чет өлкөлүктөргө Өзбекстанда жашап туруу укугун берген документтер мөөнөтүнүн аяктагандыгына жараша же ээлеринин каалоосу боюнча алмаштырылат.

Өлкө ИИМинин маалыматына караганда, 2030-жылдын 1-январынан тарта 2011-жылкы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор жараксыз болуп калат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17