Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: 2020-ЖЫЛГА КАЛАА БЮДЖЕТИ БЕКИТИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД: 2020-ЖЫЛГА КАЛАА БЮДЖЕТИ БЕКИТИЛДИ

 729 Бардыгы /

Бүгүн, 9-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү.

Жыйында шаардын 2020-жылга шаардык бюджет бекитүү, ошондой эле 2021-2022 жылдын бюджетинин божомолу, шаардык кеңештин иш планынын жана башка маселелер каралды. Ал эми күн тартибине 8 маселе киргизилген.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин бюджети, экономика жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралып, депутаттардын шаардык кеңешинин XXI токтом чыгарды.

Анын негизинде Жалал-Абад шаарынын бюджети 2020-жылга шаардык бюджети 491 миллион 600 миң сом деп бекитилди.

Сессияда 2020-жылдын бюджети каралып, андан кийинки жылдардын бюджетинин божомолу каралды. Быйылкы жылы көбүнчө курулуштарга басым жасап жатабыз. Аны менен катар эле шаардагы эки ири көчө кеңейтилет. Андан сырткары Төш-Кутчу айылында да көп жылдардан бери суу маселеси чечилбей келген. Быйыл аны да чечүү үчүн каражат бөлүндү”,-дейт А.Джолдоешев.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17