Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА ТҮРМӨДӨГҮ 200ДӨЙ АДАМ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

КЫРГЫЗСТАНДА ТҮРМӨДӨГҮ 200ДӨЙ АДАМ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ

 1,137 Бардыгы /

Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 200дөй адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 10-мартта “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Самат Калыков билдирди.

Анын айтымында, 9-мартта №1, №16, №19 жана №25 мекемелерде отурган 200дөй соттолгон адам сот жана прокуратурадан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдарды аткарууда алардын конституциялык укугун коргоп берүүнү талап кылышкан.

Жаза аткаруу кызматы мунапыс мыйзамына ылайык алардын ишин кайра карап чыгуу тууралуу арыз менен 2019-жылы тиешелүү мекемелерге кайрылганын, бирок соттор аны канааттандыруудан баш тартып койгонун, андыктан ачкачылык жарыялоо негизсиз экенин билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 347 адам бар.

2019-жылы Кыргызстанда жазык мыйзамдары өзгөртүлгөн.

 

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17