Аймак

ТАЖИКСТАНДА «ГТА БАНДАСЫ» ТОБУНУН ЭКИ МҮЧӨСҮ СОТТОЛДУ

ТАЖИКСТАНДА «ГТА БАНДАСЫ» ТОБУНУН ЭКИ МҮЧӨСҮ СОТТОЛДУ

 1,434 Бардыгы /

Тажикстандын Согди облустук соту Орусияда 17 адамды өлтүрүүгө айыпталган «ГТА бандасы» деп аталган топтун эки мүчөсүнө карата айыптоо өкүмүн чыгарды.

Өкүмгө ылайык, Боир Гуломов менен Муроджон Каримов Орусиянын аймагында бир нече оор кылмыштарды жасоого күнөөлүү деп табылып, ар бири 25 жылга эркинен ажыратылды.

2014-жылы Орусияда «ГТА бандасынын» төрт мүчөсү өмүр бою соттолуп, бирөө 25 жылга эркинен ажыратылган. Боир Гуломов менен Муроджон Каримов эл аралык издөөгө алынып, ошол эле жылы Тажикстандын аймагында кармалган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар 2012-2014-жылдары Орусиядагы Дон федералдык трассасында кеминде 17 адамды өлтүрүп, экөөнү жарадар кылышкан. Топтун мүчөлөрү жасаган кылмыштар GTA (Grand Theft Auto) аттуу компьютердик оюндун тапшырмасына окшош болгондуктан, маалымат каражаттарында алар «ГТА бандасы» деп аталып калышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17