Аймак

ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДҮН БАЗАРЛАРЫНА ЧЫГАРУУ ҮЧҮН ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮГӨ АКТИВДҮҮ КИРИШЕБИЗ

ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДҮН БАЗАРЛАРЫНА ЧЫГАРУУ ҮЧҮН ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮГӨ АКТИВДҮҮ КИРИШЕБИЗ

 785 Бардыгы /

БАТКЕН. Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында бул аймактагы инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлору менен кенен-чонон таанышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы логистикалык борбордун, сүттү, өрүктү кайра иштетүүчү ишканаларынын, айнек, темирбетон заводдорунун жана мал союучу жайдын курулуш долбоорлору менен дагы жеринде таанышты. Аталган долбоорлорду Баткен шаарынын өндүрүш аймагынын территориясында жүзөгө ашыруу мерчемделүүдө. Баткен шаарында логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоордун жалпы баасы 46,5 миллион сомду түзөөрүү белгиленди. Анын курулушуна Кыргыз-Орусия Өнүктүрүү фондунан жарым-жартылай каражат тартуу болжолдонууда. Долбоорду 2021-жылы бүтүрүү пландаштырылган. Аталган логистикалык борборго 1000 тоннага чейинки көлөмдөгү ар кандай продукцияларды сактоого болот. Өрүктү кайра иштетүү боюнча ишкананын курулушун бүтүрүү үстүбүздөгү жылга, ал эми сүттү кайра иштетүүчү ишкана, айнек заводу жана мал союучу жайдын курулуштарын бүткөрүү 2021-жылга, ал эми темирбетон заводунун курулушун бүткөрүү 2022-жылга мерчемделген.

Мамлекет башчысы жергиликтүү эл менен жолукканда, жер-жерлерде ишкерлерди колдоо, атамекендик продукцияларды чет өлкөнүн базарларына байма-бай чыгаруу үчүн тиешелүү инфратүзүмдөрдү түзүү, жергиликтүү өндүрүүчүлүрдүн продукцияларынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жана алардын

сапатын көтөрүү зарылдыгын баса белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында ишканаларды ачуунун, аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана атамекендик продукцияларды экспортко чыгаруунун үстүндөгү иштер мындан ары дагы өтө активдүү улантыла тургандыгына токтолду. Андан ары Мамлекет башчысы Дүйнүлүк Банктын көмөгү аркасында «Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасы» долбоорунун алкагында өткөрүлүп берилген жол тейлөө техникаларын көрүп чыкты. Сооронбай Жээнбеков Дүйнүлүк Банкка аталган долбоорду ишке ашырууга көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылыгын дагы билдирди. Жол тейлөө тармагына жалпы баасы 3 миллион АКШ доллар суммасындагы 46 даана жол тейлөө техникасы тапшырылды. Жол инфратүзүмдөрүн жакшыртуу, автожолдорду куруу жана реконструкциялоо өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп саналаары өзгөчө белгиленди.

Соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт түйүндөрүн модернизациялоо аймактардын экономикалык потенциалынын ачылышына шарттарды түзөөрүн кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17