Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ТҮНКҮ ЖҮРҮМ-ТУРУМУ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНУУДА

ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ТҮНКҮ ЖҮРҮМ-ТУРУМУ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНУУДА

 1,872 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Шаар аймагында өспүрүмдөрдүн катышуусундагы ар түрдүү кылмыштуулуктарын жана зордук-зомбулуктардын  алдын алуу аракеттери көрүлүүдө. Бул багытта алардын түнкү жүрүм-турумдары да  көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Калаада өткөрүлгөн түнкү рейдге, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын,  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  жана мектеп мугалимдери катышты. Түзүлгөн топ шаар көчөлөрүндө, түнкү эс алуу жайларында жана интернет  клубдарда кыдырууларды жүргүздү. Натыйжада аталган жайларда  түнкү саат 22:00дөн кийин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун жөнгө салуу багытындагы иш аракеттер дагы да улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 18 жашка чейинки 31 миң 108 жашы жете элек өспүрүмдөр бар.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17