Аймак

СУЗАКТА ӨСПҮРҮМДӨРГӨ КАРАТА РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

СУЗАКТА ӨСПҮРҮМДӨРГӨ КАРАТА РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,153 Бардыгы /

Сузак РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин алкагында кайырчылык кылгандар менен катар 45 кожолук, 5 жер төлөө, 4 компьютердик клуб текшерилип, 3 жаш өспүрүм социалдык коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Түнкү убакыттарда коштоочусу жок оюн клубдарында жүргөн өспүрүмдөр райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Ошондой эле оюн-зоок клубдарынын ээлерине жаш өспүрүмдөргө чектөө коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17