Аймак

ДҮЙШӨНДҮН МЕКТЕБИ КЕЛЕЧЕКТИН МЕКТЕБИНЕ АЙЛАНДЫ

ДҮЙШӨНДҮН МЕКТЕБИ КЕЛЕЧЕКТИН МЕКТЕБИНЕ АЙЛАНДЫ

 2,481 Бардыгы /

Мен Ноокен районуна караштуу Шайдан айылындагы №4 Абдыразак Сатаров атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп көп жылдан бери иштеп келемин. Эртеңки келечегибиз болгонжаш муундарга татыктуу терең билим жана жакшы таалим-тарбия берүүдө  №4 А. Сатаров атындагы орто мектебинде 40 мугалим жигердүү эмгектенип келе жатышат. Мектепте учурда 627 окуучулар билим алышууда. Ааламга атагы тараган улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөндүн мектеби бүгүнкү мезгилде келечектин мектебине айланды деп ишенимдүү айтууга болот. Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүдө, дегеле окуучуларга терең жана сапаттуу билим берүүдө турмушубузга санариптин кеңири киргизилип жатышы алга карай ишенимдүү кадам шилтөөнүн негизи болуп калды деп айтууга толук негиз бар.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун “2020-жылды – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” жөнүндөгү жарлыгы өлкөбүздү алдыга карай өнүктүрүүнүн стратегиялык программасына айланды депишенимдүү айтууга болот. Окуучуларга сапаттуу терең билим берүүдө  мектептерге интернет байланышын киргизүү мугалимдерге өздөрүнүн усулдук ыкмаларын ар тараптан кеңири колдонууга жол ачып олтурат. Санариптин турмушубузга норма катары киргизилиши келечек муундарга таалим-тарбия берип жаткан мугалимдерге дагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Анткени мугалимге окуучуларга сапаттуу жана терең билим берүүдө интернет булактарын кеңири колдонуусу аларга кошумча жакшы шарттарды жарата баштады. Мугалим өзүнүн усулдук ыкмасын арттырууда интернеттин жардамы аркылуу алдыңкы ыкмаларды, тажрыйбалуу педагоктордун иш-усулдарын, новатордук жаңычыл мугалимдердин иш-тажрыйбаларын пайдалануусуна ар тараптуу жол ачууда. Өз кезегинде кайсыл бир теманы окуучуларга терең ачып жеткирүүдө интернетти пайдалануу мүмкүнчүлүгү мугалим менен окуучунун байланышын ансайын бекемдеп чыңдоого ар тараптуу шарттарды дагы  жарата баштады.

Сөзүм куру болбосун үчүн бир мисал келтире кетейин. Өткөн жылы кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгендигинин 30 жылдыгын татыктуу белгиледик. Мамлекеттик тилдин – кыргыз тилинин өнүгүп-өсүүсүндө адабият жана маданият тармагындагы улуу калемгер кеменгерлердин салымы өзгөчө орунда турары талашсыз. “Өнөр алды – кызыл тил” дегендей мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси анын улуттук эне тили менен улуттук маданиятында экендиги талашсыз. Дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосун жараткан кыргыз элинин, кыргыз улутунун тарыхта өз орду бар.

 

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,

Аскасы көк асманга тийген кезде.

Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,

Кучактайм ой-кырларын нурга кошо,

 

Улуусуң кыргыз жери, нурдан бүткөн,

Сулуусуң кыргыз жери, ырдан бүткөн.

 

Кыргыз Эл акыны Түмөнбай Байзаковдун калемине таандык болгон “Кыргыз жери” аттуу ыр кыргыз улуттук адабиятынын алтын сандыгында көөнөрбөс таберик катары сакталып калды.Эмне деген гана кыргыз тилинин керемет жөнөкөй саптары. Акындын улуулугун караңыз, бир ыры менен бүткүл кыргыз жеринин сулуулугун, кайталангыс кереметин жөнөкөй кыргыз тилиндеги укмуш саптар менен бере алгандыгында болуп жатпайбы. Кеменгер таланттуу акын гана, эли-жерин терең кастарлап сүйгөн чыныгы патриот акын гана ушундай таамай-таасын сүрөткерлиги мененкыргыздын ак калпагын элестеткен Ала-Тоосун, Ата-Журтуна болгон улуу сүйүүсүн өз  ыры менен  таамай чагылдырууга жетишкендигин сыймыктануу менен баса белгилеп кетсек жарашат.

 

                 Ысык-Көл – жердин көзү, кырлар кашы,

                 Адырлар – көкүрөгү, токой чачы,

                 Дайралар – кан тамыры, чоку – таажы,

                 Седеби, топчулары – ар бир ташы.

 

                 Кең түздүү, гүл денелүү – кыргыз жери,

                 Күн жүздүү, берекелүү – кыргыз жери.

 

Кезинде улуу акын Түмөнбай Байзаковдун ырына алгач обон жараткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Апас Жайнаковдун аткаруусундагы бул ыр бат эле элибиздин терең сүймөнчүлүгүнө арзыды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл  артисти, Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкованын керемет авазы менен кайрадан жаңырган  бул кайталангыс даңазалуу ыр ансайын элдин самап күткөн сүйүкиүү чыгармасына айланып кетти. Акын Т. Байзаковдун керемет кайталангыс ырына обон жараткан, анын тушоосун алгач кескен обончу А. Жайнаков болсо, кудай берген керемет үнү, талантыжана аткаруучулук өзгөчө чеберчилик авазыменен ырдын ажарын ансайын куюлуштуруп кайрадан ачкан, угармандардын көз алдына кыргыз жеринин кайталангыс кереметтерин сүртүп койгон ырчыбыз Саламат Садыкова болуп калды. Эне тилибиз болгон кыргыз тилин окуучуларга терең үйрөтүүдө “Кыргыз жери” ырынын автору Т. Байзаков туурасында айтып берүү, ырдагы кайталангыс керемет саптарды иликтеп, талкуулап түшүндүрүү, аткаруучулар А. Жайнаков менен С. Садыкова туурасында кыскача маалымат берип, алардын ырларын сабак өтүүдө балдарга угузуу сабактын маанисин гана ачып арттырбастан, окуучулардын жан дүйнөсүндө патриоттук сыймыктануу сезимдеритерең сиңишип, алардын чыгарманы жан дүйнөсү менен кабыл алуусуна баа жеткис таасир берери талашсыз. Ал эми мындай мүмкүнчүлүккө биз албетте санарип, мектептерди интернет булагынатегиз туташтыруу  жолу менен гана жетишээрибиз бүгүн чындыкка айланып олтурат.

 

                      Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,

                      Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде,

                      Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,

                      Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде,

 

                      Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери!

                      Сезилет ата мээри, эне мээри.

 

Бир кездеги “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөндүн “Атаганат, окуучуларыма татыктуу терең билим берсем кана?!”- деген асыл ой-максаттары бүгүн толук турмушка ашып жатат десек жаңылбайбыз.

 

 Гүльбара ОСМОНОВА,

Ноокен районунун Шайдан айылындагы

№4 А. Сатаров атындагы орто мектебинин мугалими

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17