Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА  КООМДУК ТРАНСПОРТТОР ДЕЗИНФЕКЦИЯЛАНУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА  КООМДУК ТРАНСПОРТТОР ДЕЗИНФЕКЦИЯЛАНУУДА

 867 Бардыгы /

Бүгүн бул багытта Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери коомдук транспортторду  дезинфекциялоо иштерин баштады.  

Шаардын аймагында жашоочулардын  ден соолугуна кам көрүү менен  коронавирус жана башка бир катар жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында керектүү иш аракеттер колго алынууда.

Анын алкагында калаадагы азык-түлүк саткан базарлардын, тамактануучу ашканалардын санитардык-гигиеналык жана техникалык абалына жеринде мониторинг жүргүзүлдү. Ага жергиликтүү билйлик өкүлдөрү менен тийиштүү тармактардын кызматкерлери катышты.

Борбордук базарларда сатуучуларга жана ашкана кызматкерлерине санитардык тазалыктын абалына кылдат көңүл буруу керектиги айтылды.   Анткени аталган тейлөө жайларында оорулардын калк арасында жайылуу коркунучу жогору болору эскертилди.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17