Аймак

ТАШКЕНТТЕ МЕКТЕП ОКУУЧУСУ АСЫНЫП АЛДЫ

ТАШКЕНТТЕ МЕКТЕП ОКУУЧУСУ АСЫНЫП АЛДЫ

 1,142 Бардыгы /

Ташкент облусунун Янгийул районунун 11-классынын окуучусу 9-мартта өз үйүнүн мончосунда асынып алганы белгилүү болду. Классташтарынын айтымында, трагедиянын алдында интернетте маркумдун катышуусундагы интимдик видео тараган.

Маалыматтарга караганда, видеону кыз менен интимдик байланышка барган жигит өзү тараткан.

Янгийул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери учурда прокуратура бул окуя боюнча тергөө иштерин баштаганын билдирди.

–103-берене боюнча («Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү») кылмыш иши козголду. Бардык маалымат тергөө аягына чыккандан кийин берилет, – деди ал.

Өзбекстанда интимдик жаңжалдар жана зордуктоолорго байланыштуу өспүрүм кыздар жанын кыйган учурлар буга чейин да болуп келген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17