Аймак

БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ КАМКОРДУК     

БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ КАМКОРДУК     

 2,131 Бардыгы /

Аксы районундагы Авлетим токой чарбасынын токойчулары жазгы иштерин мектепке чейинки билим берүү уюмдарына көчөттөрдү акысыз берүү менен башташты.

Атап айтканда “Эдельвейс”, Р.Кожоматова атындагы жана Гүлкайыр балдар бакчаларына 180 түп түрдүү көрк берүүчү көчөттөрү тигилип жатат. Авлетим токой чарбасы бир гектардан ашык аянтка атайын өсүмдүктөрдүн көчөттөрү өстүрүлүүчү жай кылып, жыл сайын ал жерде кара тал, жаңгак, терек, карагайлардын түрлөрү, мисте көчөттөрүн өстүрүп, олтургузууга даяр болгондорун токой аянттарын байытуу үчүн көчүрүшөт. Андан сырткары керектөөчүлөргө да сатыкка алып чыгышат. Быйылкы жылда бир гектар аянтка ак жаңгактын көчөтүн өстүрүшүүдө. Ошондой эле кут дарагынын көчөттөрүн өстүрүү аракеттери көрүлүп, аны өстүрүүгө атайын аянтча даярдалууда. Учурда эки миң түптөн ашык көчөт берүүчү үрөн себилип, аны багып өстүрүү башталды.

Кошумчалай кетсек, областыбызда жарыяланган көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгына салым кошуу максатында 3 гектар жер көчкү жүрүүчү аянттарга олтургузулган жерлердеги көчөттөрдү толукташууда.

Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17