Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,167 Бардыгы / Ноокат жергесинде электр энергиясын – токту ченемсиз уурдап жагып жүрүшкөндөр дагыле бар. Ошентсе дагы, тармакты туташ санриптештирүү энергетиктердин абдан оор түйшүгүн кыйла эле жеңилдетти. Дал ушул өңүттө Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын директору Нурсеит ЖАҢЫБАЕВ кабарчыбыз менен маегинде агынан жарылды. – Нурсеит мырза. Ноокат районунда кашайып электр энергиясын уурдап жагып жүрүшкөндөр кармалыптыр го? […]
2,168 Бардыгы / Ноокат жергесинде электр энергиясын – токту ченемсиз уурдап жагып жүрүшкөндөр дагыле бар. Ошентсе дагы, тармакты туташ санриптештирүү энергетиктердин абдан оор түйшүгүн кыйла эле жеңилдетти. Дал ушул өңүттө Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын директору Нурсеит ЖАҢЫБАЕВ кабарчыбыз менен маегинде агынан жарылды. – Нурсеит мырза. Ноокат районунда кашайып электр энергиясын уурдап жагып жүрүшкөндөр кармалыптыр го? […]
НУРСЕИТ ЖАҢЫБАЕВ: «44 КАРДАРЫБЫЗ 1 МИЛЛИОН 600 КИЛОВАТТ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН УУРДАП ЖАГЫП ЖүРүШүПТүР »
16.03.2020 / Автор aymak2,169 Бардыгы /
Ноокат жергесинде электр энергиясын – токту ченемсиз уурдап жагып жүрүшкөндөр дагыле бар. Ошентсе дагы, тармакты туташ санриптештирүү энергетиктердин абдан оор түйшүгүн кыйла эле жеңилдетти. Дал ушул өңүттө Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын директору Нурсеит ЖАҢЫБАЕВ кабарчыбыз менен маегинде агынан жарылды.
– Нурсеит мырза. Ноокат районунда кашайып электр энергиясын уурдап жагып жүрүшкөндөр кармалыптыр го?
– Ооба. 2019-2020-жылдар аралыгында 44 туруктуу кардарыбыз 1 миллион 600 киловатт электр кубатын билгизбестен уурдап эле жагып жүрүшүптүр. Муну биздин кыраакы тескөөчүбүз текшерип жүрүп кокусунан эле билип калып, анан бизге токтоосуз кабарлады. Тигилердин үйлөрүндөгү тогун биротоло үзүп, түзүлгөн актыны укук коргоо органдарына моминтип тапшырып жатабыз. Алар келтирилген чыгымдардын көлөмүн дагы такташтырып-аныктап, мыйзамсыз түрдө уурдалган электр энергиясынын акысын Ноокат райондук электр тармактары ишканасына толук бойдон өндүрүп берет деген терең ишеничтебиз!
– Кардарлар менен өз ара ыкчам эсептешүүнү ушул тапта кандай өңүттө жүргүзүп жатасыздар?
– Адегенде зерикпестен кардарларыбызды үймө-үй кыдырабыз. Аларды чекесинен дыкаат текшерип, пайдаланышкан электр энергиясын жеринде эле так эсептеп, колуна чек дагы жазып беребиз. Эгерде андагы сумманы атайылап создктуруп, өз убагында төлөшпөсө, акыры аргасыздан тогун дагы биротоло үзүп таштайбыз.
– Санариптештирүү деле Сиздерге жеткендир?
– Албетте! МегаКом компаниясы аркылуу кардарларыбыздын чөнтөк телефондоруна ар айдын акырында SMS маалыматтарды-карыздарын жөнөтүп турабыз. Акы төлөмдөрү дагы МегаКом компаниясы аркылуу гана жүргүзүлөт. Болгону тээ алыскы Кичи-Алай кыштагында кашайып эмдигиче мобилдик байланыш жок! Ошондуктан, тескөөчүбүз өзү аларды тегиз кыдырып, жарык акысын төлөшкөндөн кийин гана колдоруна муну тастыктаган квитанция жазып берет.
– Айрым үй-бүлөлөргө жеңилдиктер каралгандыр?
– Ооба. Жетим-жесирлерге жана турмуш-шарты абдан эле оорлорго ишканабыз дайыма үзгүлтүксүз каралашып келатат. Адамгерчилик кылып, алардын электр энергиясына төлөнчү карыздарын кээде кечип деле таштайбыз.
– Нурсеит мырза, демек, Президент Сооронбай Жээнбековдун санариптештирүү саясаты Ноокат райондук электр тармактары ишканасында дагы ырааттуу түрдө аткарылып жатыптыр да?
-Ананчы! Бул максатта Ноокат районунун алты тилкесинде санариптештирилген калкты тейлөө борборлорун ишке киргиздик. Ошентип, биздин кызматкерлерибиз кардарларды мурункундай коркутуп-үркүтүп, мындан ары электр энергиясынын акысын дагы каалагандай көбүртүп-жабыртып жаза алышпайт. Анан топтолгон акчасын дагы кассага таптакыр кириштебестен, эч жакка качып дагы кетишпейт. Ар бирине бардык тараптан көзөмөл өтө күч! Кокусунан ушундай мыйзамсыз бир эле жоругу билинсе, тишелүү кызматкерибизге токтоосуз жана абдан катаал чаралар көрүлөт!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ноокат району
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАНДА СҮТ КАБЫЛ АЛУУ ЖАЙЛАРЫ АЧЫЛАТ
-
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg БОЛБОСУН СОГУШ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.