Аймак

ТАШКЕНТ АВТОБЕКЕТИ КҮНҮ-ТҮНҮ ИШТӨӨ ТАРТИБИНЕ ӨТТҮ

ТАШКЕНТ АВТОБЕКЕТИ КҮНҮ-ТҮНҮ ИШТӨӨ ТАРТИБИНЕ ӨТТҮ

 904 Бардыгы /

Өзбекстанда бардык окуу жайлар жабылгандан кийин «Ташкент» автобекети студенттер менен окуучуларды аймактарга жөнөтүү үчүн күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги Телеграм-каналы аркылуу билдирди.

«Ташкент» автобекетинен 17 багыт боюнча 35 автобус каттамы менен 1800 жүргүнчү ташылды. Жүргүнчүлөрдүн агымы көп болгондуктан «Узавтотранс Сервис» 15-марттан тарта дагы 35 каттамды ишке киргизди. Жалпысынан 70тей каттам 4000дей жүргүнчүнү тейлеп жатат», – деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик «Ташкент» автобекетинде жүргүнчүлөрдүн агымына жараша кошумча автобустар жүрө баштай турганын кошумчалады.

Өзбекстанда коронавирус жугузган алгачкы учур катталгандан кийин 16-марттан тарта бардык окуу жайларда карантин жарыяланган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17