Аймак

ӨЗБЕКСТАН ЧЕК АРАЛАРЫН ЖАПКАН СОҢ ОНДОГОН ТАЖИК МИГРАНТЫ АРА ЖОЛДО КАЛДЫ

ӨЗБЕКСТАН ЧЕК АРАЛАРЫН ЖАПКАН СОҢ ОНДОГОН ТАЖИК МИГРАНТЫ АРА ЖОЛДО КАЛДЫ

 784 Бардыгы /

Тажик мигранттарынын чоң тобу казак-өзбек чек арасынан чыгалбай калды. Өзбекстан бийлиги 16-марттан тарта башка өлкөлөр менен аба жана автотранспорттук каттамдарды толугу менен жапкан.

Мигранттардын бири Абдулло “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргендей, “Навои” көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстандын жарандары гана өткөрүлүүдө.

Башка бир тажикстандык мигрант Парвиза казак-өзбек чек арасында 200дөн ашуун киши кармалып калганын айтты. “Арабызда аялдар жана балдар бар. Кырдаал оор, эмне кылыш керек экенин билбейбиз. Көптөгөн мигранттарды Орусия мекенине депортациялаган, андыктан алар артка кете албайт. Чек араны түнкү саат 12де жаап коюшту”, – деди ал.

Мигранттар Казакстандагы Тажикстандын элчилигине кайрылышкан, бирок жооп алыша элек.

Өзбекстан бийлиги 16-марттан тарта башка өлкөлөр менен аба жана автотранспорттук каттамдарын толугу менен жапкан. Буга өлкөдө азыркы тапта алты кишинин COVID-19 вирусуна чалдыгышы себеп болду. Учурда Өзбекстанда 8 миңге чукул адам медициналык көзөмөлдө турат.

Чет өлкөдөгү өзбекстандыктарды алып келүү үчүн атайын чартердик каттамдар уюштурулат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17