Аймак

ООГАНСТАН БИЙЛИГИ ТАЛИБДЕРДИ БОШОТУУНУ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРУУДА

ООГАНСТАН БИЙЛИГИ ТАЛИБДЕРДИ БОШОТУУНУ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРУУДА

 1,118 Бардыгы /

Ооганстан бийлиги «Талибан» кыймылынын камактагы 1500 мүчөсүн бошотууну кийинкиге жылдырды.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жавед Фейсал камактагылардын тизмесин карап чыгуу үчүн өкмөткө көп убакыт керек экенин айтты. «Талибан» кыймылы буга дароо жооп кайтарган жок.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 11-мартта камактагы талибдерди бошотуу жөнүндө жарлык чыгарган. Президент 14-марттан тарта бошотуу жараяны баштала турганын жана бул ички ооган сүйлөшүүлөрүн демилгелөөгө жакшы ишара болорун билдирген. «Талибан» кыймылы АКШ менен өткөн айда кол коюлган келишим үчүн ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө макул болгон.

«Талибан» ички ооган сүйлөшүүлөрү башталганга чейин ооган өкмөтүнөн 5000дей талибди бошотууну талап кылууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17