Аймак

ОН МҮНӨТТӨ ЖҮРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАГАН КАРДИОХИРУРГ

ОН МҮНӨТТӨ ЖҮРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАГАН КАРДИОХИРУРГ

 1,927 Бардыгы /

Калдарбек АБДЫРАМАНОВ – Кыргызстан медицина кызматкерлеринин ассоциациясынын президенти, КРдин эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор жана өлкөнүн башкы кардиохирургу. Учурда Түштүк аймактык жүрөк-кан тамырлары хирургиясы илимий борборун жетектеп келүүдө. Дарыгер адам өмүрүнүн сакчысы дегендей, жылына 400дүн тегерегиндеги бейтаптардын өмүрлөрүн сактап келүүдө. Жакында эле Жалал-Абадда жүрөккө 10 мүнөттө операция жасап, чоң жаңылык киргизген.

-Алгач Сиз, кантип ушул кесипти тандап алгандыгыңыз тууралуу кеп салсаңыз?

-Мен 1955-жылы 27-ноябрда Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулгам. Атам Алишер Абдраманов мугалим, апам Жибек Айдарканов бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген. Тогуз бир туугандын төртүнчүсүмүн. Өспүрүм куракка чейин илдет менен алышып, ак халатчандардын курчоосунда жүрүп калдым. Ошондон улам ушул кесипти аркалап калуума дарыгерлер түрткү болгон. Окууга тапшырарда бала кездеги оорукана, дарыгерлер эсиме түшүп, мединститутка барууну чечтим. Сынакта упай жетпей калып аскерде бир жыл кызмат өтөп, кийин 1975-жылы тапшырганмын. Алгач эмгек жолум1981-жылы медициналык академияда мугалим болуп башталды. Жүрөк хирургиясын өздөштүрүү үчүн Москва шаарындагы Бакулев атындагы институтта 10 жыл иштеп, Россиянын башкы кардиохирургу, академик Лео Бокериянын колунда билим алып, тажрыйба топтодум. Ал эми Жалал-Абадда иштеп келе жатканыма 7 жылдын жүзү болду.

 

-Чоң жаңылык болгон жүрөккө 10 мүнөттө жасалган операция тууралуу айта кетсеңиз?

-Биздин борбордо күнүнө 2-3төн, ал эми жылына 300-400 операция болот. Анын ичинен жакында эле он мүнөттө жүрөккө операция жасадык. Ал тууралуу айтсам бейтап ревматизм диагнозу менен ооруган 47 жаштагы аял киши болчу. Ревматизм болгондо бейтаптын жүрөгүнүн клапандары иштебей калат. Анан анын клапандарын алмаштырып бердик. Демейдеги жасалган операция эле, бирок биз өтө ылдам бүттүк.  Жүрөк ооруларын операция кылганда убакыт эң маанилүү жана чоң роль ойнойт. Андыктан батыраак бүткөн оорулуунун андан ары калыбына келип, айыгып кетүүсүнө себепкер болот. Ошондон улам биз ылдам жасап, 10 мүнөткө жүрөктү токтотуп, кайра жүргүзүп жибердик. 

-Сиз жетектеген борбордун көйгөйлөрү тууралуу азын-оолак кеп болсун.

– Жүрөк хирургиясында операцияларды жасоо үчүн жабдуулар эски болгону менен бардыгы бар. Дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы жабдуулар азырынча жок. Мисалы, адамдын ички органдарын алмаштыруу боюнча операция жасасак болот эле. Бирок ага лаборатория жок. Ал эми Түштүк аймактык жүрөк- кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жаңы имаратынын бүтпөй жатканы түгөнбөгөн маселе. Өкмөттүн көңүл бурбагандыгынан 5-6 жылдан бери ушул маселе чечилбей, оорукананын оңдоп-түзөөсү бүтпөй турат. Ал жак бүтүп калса, жаңы имаратта иштемекпиз. Азыр эки жерде иштеп жатабыз. Бул оорулуулар үчүн деле, дарыгерлерге да ыңгайсыз, аларды ташууга унаабыз да жок. Ушунча чоң мекемеге да унаа алып бере алышпайт. 

 

-Татыктуу дарыгерлерди даярдоодо өлкөнүн билим деңгээли жетиштүүбү?

-Негизи күчтүү кадрларды даярдоо окутуу менен эле чектелбейт. Окутуп койсо эле билимдүү кадрлар чыгат дегени туура эмес. Дарыгер болууну каалагандар жогорку окуу жайда окуп, билим алышат. Иштеген, жашаган шарты жакшы болгону менен бардыгы эле белгилүү дарыгер боло бербейт. Илимдүү кадрларды даярдоо билим берүүнүн деңгээлинен көз каранды эмес, ал ар бир адамдын өзүнөн аракетинен, каалоосунан да көз каранды болот. Жаштар “элиме кызмат кылам, белгилүү инсан болом” деген максатты коюшу керек. Ошондо гана татыктуу кадр боло алат.

 

-Дарыгер катары учурда дүйнөнү дүңгүрөткөн “коронавирус” тууралуу пикириңиз кандай?

-Коронавирус бул кадимки эле вирустай инфекция, бирок  мурункуларга караганда катаал, адамдын ден соолугуна терс таасир берет. Андан коргоону жана болтурбоо үчүн мамлекеттик деңгээлде чоң иш-чара жүргүзүш керек. Ал Кытай мамлекетинен чыккандыктан анын чек арасын жаап, адамдардын киришине мүмкүнчүлүк берилбеши керек. Экинчиден, азыр коронавирус таркаган мамлекеттерден келген жарандарды да өлкөгө кирүүгө тыюу салышы зарыл. Мен билгенден азыр андай эмес. Бизде ушул инфекция катталган болсо, анда ага туруштук берүү кыйын болуп калат. Себеби медицинанын деңгээли башка мамлекеттерге салыштырмалуу төмөн. Ошондуктан дарыгер катары өтө кооптонуу менен карайм.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак” 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17