Аймак

КЫРГЫЗСТАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫ КИРГИЗҮҮГӨ УБАКТЫЛУУ ТЫЮУ САЛАТ

КЫРГЫЗСТАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫ КИРГИЗҮҮГӨ УБАКТЫЛУУ ТЫЮУ САЛАТ

 1,071 Бардыгы /

Өкмөт Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө бир айлык чектөө коет. Бул тууралуу 17-мартта өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай чара дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышына байланыштуу кабыл алынды. Вице-премьер-министр бул боюнча өкмөттүн атайын токтому чыга турганын кошумчалады.

«Өзүнүн жол-жобосу бар, алар тууралуу Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк маалымат берет. Биз мындай чараны туура деп кабыл алдык», – деди Өмүрбекова.

Ошол эле маалда жүк ташууга чектөө киргизилбейт.

Өмүрбекова мындан тышкары той-аштарга жана куран окутууга тыюу салынганын да айтты. Токтомго ылайык, чектөөлөр тейлөөсү 50 орундан ашкан бардык коомдук жайларга тиешелүү жана бул талапты аткарбаган коомдук тамактандыруучу жайлардын кожоюндары жана той же башка иш-чаралардын ээлери жазага тартылат:

– 12-мартта өкмөт тарабынан токтом чыгарылган. Анда массалык иш-чараларды токтотуп туруу сунушталган. Азыр аны өзгөртүп сунуш эмес, тыюу салуу киргизилди. Соода борборлорундагы оюн-зоок аянтчалары, тамактануучу жайлар жана ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Ошол тармакта иш кылган жарандар туура түшүнөт деп ойлойм, – деди Өмүрбекова.

Учурда Кыргызстанда коронавирус илдети каттала элек. 321 киши обсервацияда жатат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17