Аймак

ӨЗБЕКСТАН ДҮРБӨЛӨҢ ЖАРАТКАНДАРДЫ КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТАТ

ӨЗБЕКСТАН ДҮРБӨЛӨҢ ЖАРАТКАНДАРДЫ КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТАТ

 1,302 Бардыгы /

Өзбекстанда коронавирус жуктурган дагы эки учур катталды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 17-мартка карата ооруга чалдыккандардын саны 10го жетти.

Маалыматка караганда, 15-мартта Стамбулдан учуп келген кишинин аялынан жана ушул эле каттам менен келген дагы бир жарандан коронавирус аныкталды.

Буга чейин алгачкы бейтаптын кызы, уулу, күйөөсү, небереси жана дагы бир тууганы да инфекцияны жуктуруп, ооруканага жаткырылганы кабарланган. Жекшембиде Стамбулдан учуп келген өзбек жаранынан да COVID-19 вирусу чыккан.

Биринчи бейтап менен байланышта болгон кишилер – туугандары Вирусология илимий иликтөө клиникасына жаткырылган. Аны менен бир учакта келген 24 жүргүнчү да карантинге алынган.

Бул арада Өзбекстандын Юстиция министрлиги эл арасында дүрбөлөңдү жайылткан кишилер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кабарлады.

«Дүрбөлөң жаратуучу материалдарды даярагандар жана сактагандар 4,6 миңден 9,3 миң долларга чейин айып пул төлөйт же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Дүрбөлөң жаратуучу материалдарды тараткандар 9,3 миң доллар айып пул төлөйт же 3 жылдан 5 жылга чейин соттолот», деп айтылат билдирүүдө.

Кызмат абалынан пайдалануу менен; диний уюмдардан же чет өлкөлөрдөн каржылык колдоо алуу менен; жалпыга маалымдоо каражаттарын жана Интернетти колдонуу менен бул өңүттөгү материалдарды жайылткандар 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлиги азыркы тапта 5661 киши үй карантининде экенин белгиледи. Алар оорулуулар менен эмес, медициналык мекемелерде карантинде отурган кишилер менен байланышта болушкан. Дагы 641 киши медициналык мекемелерде жана санаторийлерде изоляцияда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17