Аймак

СУЗАКТА КАРАНТИНГЕ АЛЫНГАН 3 АЙЫЛГА 19 ПОСТ КОЮЛДУ

СУЗАКТА КАРАНТИНГЕ АЛЫНГАН 3 АЙЫЛГА 19 ПОСТ КОЮЛДУ

 1,619 Бардыгы /

Сузак районунда карантинге алынган 3 айылга 19 пост коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылыч Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, райондогу үч айылда постто турган кызматкерлер күнү-түнү турушат.

«Райондогу Благовешенка, Орто-Азия, Бостон айылдарына атайын 19 пост коюлду. Бул үч айылда 10 миңге жакын калк жашайт. Бул жерде кирип-чыккандарга гана чектөө киргизилет. Андагы айыл жашоочулар кирип-чыга берет. Ал эми сырттан келгендерге азырынча айылга кирбей туруу боюнча түшүндүрүү иши жүрөт. Бул ооруну жайылып кетпөө максатын көздөйт. Абалга карап дагы постторду көбөйтүү же азайтуу аракеттери көрүлөт», – деди К.Жолдошов.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Сузак районуна караштуу 3 айыл карантинге алынды.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17