Аймак

КОРОНАВИРУСКА БАЙЛАНЫШТУУ СУЗАКТА ЭМНЕЛЕРГЕ ЧЕКТӨӨ КИРДИ?

КОРОНАВИРУСКА БАЙЛАНЫШТУУ СУЗАКТА ЭМНЕЛЕРГЕ ЧЕКТӨӨ КИРДИ?

 1,392 Бардыгы /

Сузак райондук администрациясынын башчысы – райондук жарандык коргоонун башчысы Эрмекбай Омошевдин буйругу менен төмөндөгү чектөөлөр убактылуу киргизилди:

1) коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;

2) эл массалык көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу;

3) район борборунда бир аптада бир болуучу “Жума” базарын токтотуу;

4) Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизүү.

Ошондой эле өлкө боюнча тойканаларда иш-чараларды, тойлорду өткөрүүгө, Жума намазы мечиттерде окулуусуна убактылуу тыюу салынып, Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда болуусуна чектөөлөр киргизилди.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17