Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ АКЫ ТӨЛӨНҮҮЧҮ ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНӨ ЧЫГЫШТЫ

ӨЗБЕКСТАНДА МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ АКЫ ТӨЛӨНҮҮЧҮ ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНӨ ЧЫГЫШТЫ

 1,175 Бардыгы /

8-марттан тарта Өзбекстандагы мектеп мугалимдеринин бардыгы акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгышат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Шерзод Шерматов билдирди.

Анын айтымында, мектеп директорлору, алардын орун басарлары, чарба башчылары, психологдор жана кароолчулар ишин улантат.

Министр кийинки жумадан тарта окуучуларга сабактарды үч телеканал аркылуу көрүү мүмкүндүгү түзүлөрүн билдирди. Мындан тышкары алар окуу программмасына кошумча Kitob.uz сайтынан аудиокитептерди жүктөп алып укса болот.

«Ташкенттеги мектеп окуучулары бааларды электрондук күндөлүктөр аркылуу ала алышат. Акырындык менен бул система бардык өлкө аймагына жайылтылат», — деди ал.

Министр ошондой эле «окуучулардын каникулунун узактагы абалга жараша болорун» кошумчалады.

Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 13 адамга жетти.

www.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17