Аймак

 «ЧЕК АРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР» КАЗАК БИЙЛИГИН ЖУРНАЛИСТ ИНГА ИМАНБАЙДЫ КУУГУНТУКТООНУ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРДЫ

 «ЧЕК АРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР» КАЗАК БИЙЛИГИН ЖУРНАЛИСТ ИНГА ИМАНБАЙДЫ КУУГУНТУКТООНУ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРДЫ

 1,259 Бардыгы /

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму Казакстан бийлигин оппозициячыл журналист Инга Иманбайды куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Уюмдун билдиришинче, Иманбай бийликтин кысымы менен “Жаш Алаш” гезитинин башкы редакторлугунан кеткен. Кийин күйөөсүнүн кармалганын видеого тартууга аракет жасаган маалда кол салууга учураган.

Билдирүүдө Иманбайга жасалган чабуул ар тараптуу иликтениши керек экени айтылат.

Иманбайдын күйөөсү – Жанболат Мамай. Ал жаңы демократиялык партияны түзүү боюнча демилгечил топтун башчысы. 1-мартта өткөн митингдер учурунда полиция кызматкерлери Мамайды кармоого келишкенде Инга бул учурду видеого тартууга аракет кылган. Анын смартфонун тартип сакчылары тартып алып, өзүн түртүп жиберишкенин. Бул учурда ал металл тосмого урунуп, мээси чайкалганын билдирүүдө.

Иманбай “Жаш Алаш”гезитинин башкы редакторлугуна быйыл январдын башында дайындалган. Ал бийликтин кысымы менен жетекчилик 23-февралда жумуштан кетиргенин айтууда.

Жабылып калган “Саяси қалам – Трибуна” гезитинин мурдагы башкы редактору Жанболат Мамай 2017-жылдын сентябрь айында үч жылга эркиндиги чектелип, журналисттик ишмердигине тыюу салынган. Анда ага бозгундагы банкир Мухтар Аблязов БТА банктан чыгарып кеткен акчаны мыйзамдаштырган деген айып тагылган, Мамай мындай айыптоолор жасалма экенин билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17