Аймак

СҮЙҮН ӨМҮРЗАКОВ КООМДУК ТАРТИПТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨ МАКСАТЫНДА ЖАЛАЛ-АБАДГА КЕЛДИ

СҮЙҮН ӨМҮРЗАКОВ КООМДУК ТАРТИПТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨ МАКСАТЫНДА ЖАЛАЛ-АБАДГА КЕЛДИ

 1,563 Бардыгы /

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областына келди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов менен биргеликте Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдеттин алдын алууга байланыштуу коюлган атайын блок постторду текшерүүгө алды. Ал посттордо турган милиция кызматкерлери менен жолугуп кошумча нускамаларды берди.

Министрдин орун басары кызматкерлерди карантинге алынган аймакка тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү зарылдыгын белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды.

Жергиликтүү жарандар жана милиция кызматкерлери менен болгон жолугушууларда Сүйүн Өмүрзаков төмөнкүлөрдү билдирди.

“Бүтүн дүйнө жүзүн кооптондурган жугуштуу илдет оорусу бизге да жеткендиги өкүнүчтүү. Учурда Мамлекет башчыбыз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү – жарандарыбыздын ден соолугун сактоо багытында бардык ыкчам керектүү иш-чараларды көрүүдө. Медициналык кызматтардын бардыгы элибиздин саламаттыгын сактоо үчүн күнү-түнү иш алып барууда жана аны дарылоого толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мына ушундай кырдаалда мен дагы Сиздерге кайрыламын, – биз ички иштер министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте коомдук тартиптин сакталышына жооптуубуз. Биз тушүндүрүү иштерин күчөтөбүз. Ден соолукту сактоо, жугуштуу оорудан сактануу боюнча дарыгерлердин айткандарынын бардыгын толук сактап, бекем тартипти карманышыбыз зарыл. Кыргызстандын ар бир жараны, ар бир үй-бүлө, ар бир атуул жеке гигиенанын талаптарын катуу кармоосу, провакациялык ар кандай чакырыктарды социалдык түйүндөрдө таратпоосу керек. Такталбаган жалган маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрөм дегендер мыйзам чегинде жазага тартылат. Укпайт деп ушак таратпагыла, көрбөйт деп, билбейт деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Мен бардыгыңыздарды токтоолукка, сабырдуу болууга чакырамын”-дейт С. Өмүрзаков.

Учурда Благовещенск, Орто Азия жана Бостон айылына 19 пост коюлган, ошол жерлерде чектөө болууда.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17