Аймак

ПОЗИТИВДҮҮ ОКУТУУ СЕМИНАРЫ

ПОЗИТИВДҮҮ ОКУТУУ СЕМИНАРЫ

 1,906 Бардыгы /

     ЖАЛАЛ-АБАД. Жакында № А. Акпаралиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Мерсико тарабынан уюштурулган “ Колдо китеп жасайбыз”- деген темада башталгыч класстардын окуучуларына позитивдүү семинары болуп өттү. Семинарга жалпы райондун мектептери менен биргеликте алыскы Чаткал районундагы мугалимдер келип катышышып бир топ жакшы тажрыйбаларды алышты.

       Сабактын максаты: Азыркы учурдун көйгөйлүү маселелерден  болгон окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, адабий чыгармаларга болгон кызыгууну жандандыруу жана окуучуларга позитивдүү маанай тартуулоо.

       Семинарда мектептин көп жылдык тажрыйбалуу мыкты мугалимдери Тургунова Дамира эжеке жана Мамбетова Асель эжеке ачык сабактарды өтүп беришти. Азыркы учурдун талабы электрондук окутуу болгондуктан, аталган мугалимдер интерактивдүү доска менен жана электрондук китепкананын  Айбилим сайтынын пайдалуу видео сабактары аркылуу  өз чеберчиликтерин көрсөтө алышты.Тургунова Дамира эжеке адабий окуу сабагынан “ Сен кетирген жаңылыштыкты мен кайталабайм” деген оригиналдуу темада 4-аклассына, ошондой эле эмгекке үйрөтүү сабагынан Мамбетова Асель эжеке “ Колдо китеп жасайбыз” аттуу темасында окуучулардын кол өнөрчүлүгүн байытуу менен бирге мыкты ачык сабактарды өтүшүп, окуучулардын окууга, кол эмгекке болгон кызыгуусун андан да арттырып, позитивдүү маанай тартуулашты. Жыйынтыгында сабак “эң жакшы” деген баа менен бааланышып, Мерсико уюму тарабынан ыраазычылык билдирилди.

 

Бакыт АКПАРАЛИЕВ, Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17