Аймак

ӨКМӨТ: КҮНҮНӨ 70 МИҢДЕН АШУУН БЕТКАП ТИГИЛЕ БАШТАДЫ

ӨКМӨТ: КҮНҮНӨ 70 МИҢДЕН АШУУН БЕТКАП ТИГИЛЕ БАШТАДЫ

 1,975 Бардыгы /

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда медициналык беткап чыгарыла баштаганын, күнүгө 70 миңден ашуун тигилип жатканын билдирди.

Бул тууралуу өкмөт башчы 19-мартта Жогорку Кеңеште өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берип жатып айтты. Абылгазиев коомчулук дүрбөлөңгө түшкөн кезде 3,5 миллион беткап үч күндүн ичинде түгөнүп калганын кошумчалады.

“Ортодо кызыл кулактык кылып миллиондогон беткаптарды алып коюшуп, башка мамлекеттерге сатуу аракети болду. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 1,5 миллион масканы таап чыкты. Алар беткапты башка мамлекетке же кымбаттаганда сатабыз деп катып коюшкан”, – деди премьер-министр.

Учурда социалдык тармактарда дарыканаларда медициналык беткап жок калганы, кымбат сатылып жатканы байма-бай жазылууда.

Буга чейин Ошто “Дастан” ишканасынын тигүү цехинде дакиден (марли) беткаптар тигиле баштаганын кабарланган. Ишкананын жетекчиси Талант Масеевдин айтымында, тигүү цехи күнүнө 10 миң беткап даярдап жатат. Ушул эле ишкананын Ноокаттагы филиалы да беткап тигип, күнүнө 3 миңден 5 миңге чейин беткап тигип жатат. Андан тышкары Ош шаарында улуттук кийимдерди тигүү менен алектенген “Мурас” тигүү фабрикасы да беткап чыгара баштады.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17