Аймак

К.ТАШИЕВ КАРАНТИНДЕГИ АЙЫЛДАРГА ЖАРДАМ СУНДУ

К.ТАШИЕВ КАРАНТИНДЕГИ АЙЫЛДАРГА ЖАРДАМ СУНДУ

 1,131 Бардыгы /

Сузак районунда карантинге алынган айылдарга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана саясатчы Камчыбек Ташиев нан азыктарын, азык-түлүк жана беткап таратты. Блок-пост коюлган Благовещенка айылынын борборуна ал өзү барып, райондук штабга жардамын өткөзүп берди.

«Короновируска байланыштуу мамлекетибиз башка өлкөлөрдөй эле татаал мезгилди өз башынан өткөзүп жатат. Жалал-Абаддагы чукул кырдаалды жана беткап тартыштыгын эске алып жардам берүүнү чечтим. Ар бир адамдын ден соолугу биз үчүн кымбат. Мындан кийин да жагдайга жараша аракеттер болот. Ушул убакыттарда элимди ынтымакка, күжүрмөндүккө жана сабырдуулукка чакырамын. Айрыкча, өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн Сузак районунун тургундарына, жердештериме чыдамкайлыкты, биримдикти тилеймин.
Мамлекеттик бийлик органдарынын койгон талаптарын так аткаруу, тартипти сактоо менен гана бул апаатты жеңе аларыбызды түшүнүшүңөрдү суранамын. Ооба, ыңгайсыздык, кыйынчылык жана коркунучтар болот, бирок биз мындан да көп жамандыктарды жеңгенбиз. Мен болсо кайсы убакта, эмне кылып болсо да колумдан келген жардамды берүүгө даярмын», – деди Ташиев.

Бишкек шаарынан алынып келинген 20 миң даана беткап Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында көчөдөгү тургундарга таратылды.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17