Аймак

ТАЖИКСТАН ЭЛ АРАЛЫК АБА КАТТАМДАРЫН КАБЫЛ АЛУУНУ ТОКТОТТУ

ТАЖИКСТАН ЭЛ АРАЛЫК АБА КАТТАМДАРЫН КАБЫЛ АЛУУНУ ТОКТОТТУ

 1,204 Бардыгы /

Тажикстан 20-марттан тарта эл аралык каттамдар үчүн аба мейкиндигин жапты.

Тажикстан Жарандык авиация агенттигинин директору Икром Субхонзода бейшембиде тараткан катында эл аралык компаниялардан 20-марттан тарта Тажикстанга карай бардык каттамдарын токтотууну талап кылды. Аба мейкиндигин жабуу коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн кабыл алынды.

Душанбе Эл аралык аэропорту Тажикстандын ички каттамдары мурдагыдай эле ишке ашарын билдирди.

Тажикстанда коронавирус жуктурган учур аныктала элек. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, 1-февралдан 18-мартка чейин чет өлкөлөрдөн келген 1900 киши коронавируска текшерүүдөн өткөн, учурда 400дөн ашуун киши карантинде.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17