Аймак

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН КОРОНАВИРУСКА БАЙЛАНЫШТУУ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН КОРОНАВИРУСКА БАЙЛАНЫШТУУ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

 1,471 Бардыгы /

Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери шаар аймагында азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрүүлөрдүн алдын алуу максатында сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милицияга бул багыттагы жумуштарга элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшүүдө. Алар шаар аймагындагы жана базар ичиндеги дүкөндөргө барышып, азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрбөөгө жана такталбаган жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырышууда.

Ошондой эле мектеп мугалимдери тарабынан көтөрүлгөн демилгенин арты менен окуучуларга карата күнү-түнү атайын рейддер жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери азыркы учурда билим берүү жайлары жабылгандыгына байланыштуу өспүрүмдөр өз үйлөрүндө ата-энесинин көзөмөлундө болуу керектигин эскертишүүдө.

Мына ушундай эле окуучуларга байланыштуу рейд Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан да өткөрүлүүдө. Жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн, социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдердин катышуусундагы иштер район борборундагы базарларда жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери коронавируска байланыштуу жергиликтүү тургундарды жана өспүрүмдөрдү көчөгө чыкпай, өздүк гигиенаны сактоого чакырышууда.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17