Аймак

К.КАЛМУРЗА уулу: “ӨЛКӨБҮЗДҮН ТАГДЫРЫН ӨЗҮБҮЗДҮН ТАГДЫРЫБЫЗДАН ЖОГОРУ КОЮШУБУЗ КЕРЕК”

К.КАЛМУРЗА уулу: “ӨЛКӨБҮЗДҮН ТАГДЫРЫН ӨЗҮБҮЗДҮН ТАГДЫРЫБЫЗДАН ЖОГОРУ КОЮШУБУЗ КЕРЕК”

 3,496 Бардыгы /

Жалал-Абаддын бир уулу – Орусияда

Блиц инфо:

  • Аты-жөнү: Калыйнур Калмурза уулу
  • Туулган күнү, айы, жылы: 4-август,  1994-жыл
  • Туулган жери: Жалал-Абад обулусу, Токтогул району, Кызыл-Өзгөрүш айылы
  • Бүтүргөн университети, адистиги:

2013-2017-жж. – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз  улуттук университети,    «Журналистика»

2015-2016- жж. – Турция, Сакария университети, «Журналистика», (“Мевлана” студент алмашуу программасы – 1 семестр)

2017-2019-жж. – Россиянын биринчи Президенти  Б.Н. Ельцин атындагы  Урал федералдык  университети,  «Коммуникация» магистр .

  • Жактырган тамагы: апасы жасаган тамак
  • Билген тилдери: кыргыз , англис , орус , түрк,  араб (А1)
  • Жактырган түсү: ак
  • Көп колдонгон сөзү: буйруса, сонун
  • Учурда:  Политология боюнча Москвада МПГУнун аспиранты

Үйдө жоош мектепте, шок болчум

– Орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгам. Атам Калмурза, апам Шайыргүл учурда бактылуу үй кожойкелери. Атам техникумда, апам медицина  тармагында окуган, кийин үй-бүлөлүк  шартка байланыштуу экөө теӊ окуусун таштап айылга кетишкен экен. Бирок, биздин билим алуубузга толук мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришти. Үй-бүлөдө сегиз бир тууганбыз, 2 агам, 2 иним, 3 эжем бар.

Бала кезде кээде мектепке 4 км аралыкты жөө басып барып окуган күндөрүм болгон. Сабакка чейин тоодо атамдарга жардам берчүмүн. Мектепке барыш үчүн тоодогу сарайдан  айылга чейин  кээде эшек менен келет элем. Кызыктуусу кара эшек мени мөӊкүп  жыкканы аз келгенсип кайра карматчу эмес. Улам жетейин деп калганда качып кетчү. Ошентип эшек экөөбүз ээрчишип үйгө чейин жөө келчүбүз. Балалык күндөр ушунусу менен эсте калды. Үйдө жоош мектепте, шок болчум. Ал  күндөрүмдү азыр  жылмаюу менен эстейм.  

Мектеп босогосун үч деген баа менен баштаганда…

– 2001-жылы Токтогул районун Кызыл-Өзгөрүш айылында  А.Ибраимов атындагы №36 орто мектептин 1-б классына  кабыл алындым.  Сабакка биринчи жолу 3-сентябрда барып, мектептин босогосун аттаганда эле «3»  деген баа менен баштадым(күлүп).

6-класста мен үчүн тарыхый окуя болгон. Себеби балдардан биринчи жолу класском болуп,  айыл өкмөттүн стипендиясын алууга да  жетишкенмин.

Тарых менен адабиятты жакшы көрчүмүн. Бул сабактар окуганымды балдарга айтып бергени менен жакчу. Андан сырткары физика менен алгебра да жагар эле. Негизи мугалим окуучу менен жакшы иштешсе, өз предметин сүйдүрүп окутуп алат. Мендеги сабакка болгон кызыгуу ошол предметти окуткан мугалимдин  ыкмасына  байланыштуу болчу. Математика сабагын сүйүп окудум, кийин мугалим алмашканда артка кеттим. Демек, балдардын окуу жөндөмүн ойготуу мугалимдин колунда. Мектепти 9-класска чейин эле окуп, артыкчылык  менен бүтүрдүм.

Тогузунчу классты аяктап Кара-Кѳл шаарындагы №89  кесиптик-техникалык лицейдин филиалында окудум.  Группада шагыраган 20 балага  староста  болчум. Лидерлик сапат окуучу кезден эле бар болгондуктан  лицейди бүткүчѳ  староста болдум. Менин тайпамда армиядагыдай тартип бар эле, адилеттүү башкарсам керек, башка группанын старосталары  чейрек сайын алмаша берчү. Лицейди артыкчылык диплом менен бүтүрдүм. Ошентсе да, ЖРТнын негизги тестинен 122, кошумча сабактан 96 эле балл алгам.

Агайлардын ишенген жалгыз шахматчысы болгонмун

– Спорт ден соолуктун булагы дегендей негизи аскер спортуна жакын болчум. Лицейде  курал атуудан, турнике тартынуудан, автомат чачып жыйноодон, 4 км аралыка чуркоодон Республика боюнча 3-орунга ээ болгом. Бул менин лицейдеги спорттук ири жетишкендигим. Ал эми шахмат боюнча райондук мелдеште 2 жыл катарынан алдынкы орундарды ээлегем. Мектепте да, кийин лицейде агайлардын ишенген жалгыз шахматчысы болгонмун.

Бала кезде аскер болуу кыялым бар болчу. Азыр деле кыялданам, бирок адамдын аң-сезими өрчүгөн сайын кыялдары  өзгөрөт экен. Негизи ар бир адамдын кыялы менен планы болуш керек. Кыялың болуп планың болбосо анда башка бирөөнүн планы болуп калышың толук ыктымал.

мен учун кол жеткис кыялдай сезилер эле

-Журналисттик кесипти окуучу кезде эле тандагам. Биз мектепте окуп жүргөндө, айылда ар бир үйдүн эшигинде радио жаңырып турчу. Кечки саат 20:00дө “Лондон сүйлөйт,  ББС дүйнөлүк кызматы” – деп радио жаңырганда жанына отуруп укчумун. Азыр ал күндөр кадимкидей көз алдымда тартылат. “Саламатсыздарбы ободо БиБиСи” – деп алып баруучу сөзүн баштаганда кыргыз тилинде чет элдик бир адам сүйлөп жаткандай сезилчү. Бирок, алар кадимки кыргыздын кыздары Акчолпон Койчуева менен Гүлнара Касманбетова экенин жазбай тааныйт элем. Себеби радиону күн сайын угар элем. Бишкектеги же Лондондогу кабарчысы деп ысымдары айтылган Арслан Капай улуу менен Ибраим Нуракун уулунун үндөрүн уккан жерден айырмалайт элем. Анда бул адамдарга жолугушуу мен учун кол жеткис кыялдай сезилер эле. Кудай санаалаш адамдарды барыбир жолуктурат экен. Орусияда дипломдук долбоорумду жазып жатканда Жогорку кеңештин басма сөз кызматына  практикага баргам. Ибраим Нуракун уулу менен ошол жерден биринчи жолу кол алышып учураштым. Башкысы журналист болууга ушул агай-эжейлер стимул берген.

– Студенттик күндөр кандай өттү? Эмнеси менен эсте калды?

 

– Чөмөр тилип буттарды,

Айылда өсүп бой жеттик.

Окуйбуз деп алыска.

Шаардык болуп биз кеттик, – деген чоң атамдын төрт сап ыры эсиме түшөт.

Мени да улуу максаттар айылдагы атамдын төрт коюн саттырып шаарга алып келген. Айылдан жаңы келген  мен үчүн Бишкек чоң бир мегаполис шаардай эле көрүнгөн. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окудум. Айылдан тамагыңа деп салган ата-энемдин тыйынына  англис, түрк тилдерин үйрөндүм. Студент кезде финансылык көйгөй кимде гана болбойт. Акча жетпегенде жер казып, жүк ташып иштеген күндөрүбүз болду. Аз ойноп, көп окудук. Азыр ошол кыйналып чогуу жер казган, сүйүнсөк чогуу чер жазган  досторум баары жакшы жумушта иштешет,  айрымдары чет өлкөдө окуп жатышат.  Зымырап учкан студенттик күндөр досторум менен кызыктуу өттү.

-Учурда эмне менен алексиз?… Кайсы сферада жүрөсүз?

– Окуу жана илимий иштерим менен алекмин. Буйруса кандидаттык илимий ишимди ийгиликтүү жактап алсам деп турам. Миграцияда жүргөн жаштарга билим берүү борборун ачсамбы деген ойлор бар. Кыргыз жаштары кара жумушта эмес, таза жумушта иштей турган долбоорлорду ишке ашыруубуз керек. Бирок бир гана окуу менен олтуруп калууга болбойт, аракет жана күч талап кылынат. Андан сырткары Bat-Jet7 – деген онлайн авиабилет саткан интернет кызматын ачкам. Москвадагы мекендештерибизге арзан билеттерди таап берем. Мындан тышкары Bluzberg деген аталышта интернет магазинин ишке киргизүү  боюнча дос балам менен олуттуу долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Аны менен бирге Орусиядагы кыргыз коомчулугуна керектүү жаңылыктарды ББСнин уктурууларына берип турам.

-Чет өлкөдөн алган тажрыйбаңызды өз мекениңизде колдонууну ойлонуп жатасызбы?

-Негизи кыргыз жигиттери өлкө үчүн өмүрүбүздү да арноого  даярбыз. Бир кездеги кыргыздын каймактарынын бири Касым Тыныстанов «Өз элиңди, өз тилиңди, өз ата салтыңды үйрөн, бил жана  аны көздүн карегиндей сакта . Ал сенин көрөр күнүң, ичер сууң» деген экен. Биздин өлкө бул биздин үйүбүз. Бир үйдө жашаган үй-бүлө ынтымактуу жашаса, ал үйдө тынчтык, береке болот. Кошуналарга үлгү болот.  Иш издеп, жардам сурап башка жакка барбайт. Өз алдынча  оокат кылышат. Ошондой эле биздин мамлекет дагы ынтымакта жашап, чет жерге агылганды токтотушубуз керек. Буйруса алдынкы алты жылдын ичинде мекеним Кыргызстанга салым кошорума толук ишенем. Менде лидерлик жана чарбачылдык сапат бала кезден бери бар. Алган билимимдин, чет жерден үйрөнгөн тажрыйбанын негизинде өлкөмө сөзсүз салым кошом деген ойдомун. 10 жыл окуп өлкөңө пайдаң тийбесе мындан өткөн банкроттук барбы?

-Чет өлкөгө баргысы келген жаштарга кандай кеңеш берер элеңиз?

-Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны дейт. Жаш кезде дүйнө кыдырып эл таанып жер көрүү, адамдын дүйнө таанымын жакшы жакка өзгөртөт. Жер планетасы бул жалпы адамзаттын мекени. Түпкүрүндө баарыбыз бир атадан тараганбыз. Жаратылыш, маданият, тил, искусство, дүйнөдөгү бардык өзгөчөлүктөр, баалуулуктар бул жалпы адамзаттын орток байлыгы. Аларды таанып үйрөнүү адамзаттын башкы милдети. Андыктан чет өлкөгө баргысы келген жаштарга кеңешим чет жакка чыккыла, дүйнө таанымды кеңейтип көп окугула.

-Чет өлкөдө да жаштар ийгиликке жетишсе болобу? Көбүнчө жаңылыштык ойлоп алгандыктан, алдыга кадам таштабай жүргөндөр да жок эмес.

-Ар бир адамдын бир өзгөчө мыкты сапаты болот. Ошол сапатты курчутсак кайсыл жерде болбосун ийгилик жаратса болот. Ал үчүн жашап жаткан жер деле маанилүү эмес. Эң маанилүүсү аракет жана алдыга ташталган ишенимдүү кадам. Ишеним бул адамдагы эң күчтүү курал. Кайсыл жерден жаңылсаң, артка кайтпай кайра катаңды оңдоп максатыңа жетүүгө ишеним чоң жардам берет. Андыктан алга карай аракет жана ишеним менен кадам ташташ керек.

Коомду өнүктүрүүдө жаштардын орду жана канткенде өнүктүрүүчү жаштарды тарбиялайбыз?

-Биздин коомдо жаштардын  орду абдан чоң. Аларга туура багыт көрсөтүп, келечектеги жашоого даярдоо үчүн мамлекеттин атайын стратегиясы болуш керек эле. Тилекке каршы, бизде андай план жок. Жаштар жолун таппай,  кайда барарын билбей калган учурлар арбын. Мамлекеттин кыймылдаткычы бул жаштар, ал эми ага багыт берген капитан бул аксакалдарыбыз болуш керек эле. Бирок улуулар кыймылдаткычты кантип пайдаланышты билбей жатат. Комфорттон чыгышпайт, жумуш ордун сакташ үчүн жаштарга жумуш бергиси келбеген кадрлар бар. Көпчүлүк кыргыз жаштары жаштыгын,  күчүн бөтөн элге берип жатат. Азыр жаштардын аң-сезимин ойготуп, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып баарын бирдей түшүнүккө алып келбесек, анда келечекте жаштардан деле көптү үмүт кылып болбойт. Билимсиз коомду башкаруу оңой. Эртең Кыргызстанды бөтөн эл башкарбайт деп ким кепилдик бере алат. Тарыхты карасак жок болуп кеткен өлкөлөр ички ынтымагы жоктугунан, агасы менен иниси бийлик талашкандыктан сырткы күчтөргө жем болуп талкаланган. Азыр жаштарды улууларга каршы койгон саясат жүрүп жатат. Бул чоң жаңылыштык, балким сырткы күчтөрдүн атайын уюштуруп жаткан сценарийи болушу мүмкүн. Андыктан жаштар, мурдагылар деп бөлүнбөй уюшумдуу негизде чогуу иш кылып, өлкөбүздүн тагдырын өзүбүздүн тагдырыбыздан жогору коюшубуз керек. Өлкөнүн тагдырын өз тагдырынан бийик койгон Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, дүйнөгө белгилүү Нелсон Мандела, Махадма Ганди ж.б.у.с инсандар бүтүндөй элдин жүрөгүндө азыр да жашап келишет. Жаштар, биз ошолордон үлгү алышыбыз керек. Билим берүүнү көтөрсөк мамлекет өзүнөн-өзү өнүгүүгө бет алат.

 

Маектешкен: Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17