Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: УНДУН САТЫЛУУСУ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД: УНДУН САТЫЛУУСУ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНУУДА

 1,085 Бардыгы /

Азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы Береке жана Адилет базарларында бир кап ундун баасы 1450 сомдон сатылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда жалпы Бишкек шаарынан ата-мекендик өндүрүштөгү 1-сорттогу 25 тонна ун алынып келинген. Тургундарга ыңгайлуулук жаратуу максатында сатуудагы баасын шаар мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынууда.

Алдыдагы күндөрү да керектөөчүлөрдүн талабына ылайык, Жалал-Абад шаарындагы азык-түлүк саткан базарларга ун жеткирүү жагы улантылат.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17