Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КОРОНАВИРУСКА КАРАБАСТАН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙЛОР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

ӨЗБЕКСТАНДА КОРОНАВИРУСКА КАРАБАСТАН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙЛОР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

 1,264 Бардыгы /

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдар аныкталганына карабастан, өкмөт үйлөнүү тойлорун өткөрүүгө тыюу салган жок. Ошол эле маалда айрым жарандар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн деп кооптонуп, апрель айына белгиленген тойлорун мартка жылдырып жатышканын билдиришүүдө.

– Алгач уулумдун үйлөнүү тоюн апрелде өткөрөлү дегенбиз. Бирок азыр коронавируска байланыштуу түрдүү чектөөлөр болуп жатат, ошондуктан эртерээк өткөрүүгө аракет кылуудабыз. Бирок башкалар да апрелдеги тойлорун мартка жылдырып жатышыптыр, ошондуктан бош ресторан таппай жатабыз, бардыгын алдын ала ээлеп коюшуптур», — деди Ташкенттин аты-жөнүн билдиргиси келбеген тургуну.

Ал ортодо Ташкенттеги ресторандар кийинки айга белгиленген үлпөт тойлорго да буйрутмаларды кабыл алуусун улантып жатышат.

Коронавируска байланыштуу 16-марттан тарта Өзбекстандагы бардык мектептер, жогорку окуу жайлар жана бала бакчалар карантинге жабылган. Мындан тышкары адамдар көп катышкан иш-чараларды, анын ичинде «Ноорузга» карата майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынган.

22-марттагы маалыматка ылайык, Өзбекстанда 41 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17