Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА КИРҮҮГӨ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА КИРҮҮГӨ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

 1,036 Бардыгы /

Бүгүнтөн тарта Жалал-Абад шаарына сырттан келген жарандардын кирүүсүнө чектөө киргизилди. Анда шаарга кирүүчү үч ири көчөлөргө блокпосттор орнотулуп, ички кыймылды азайтуу аракеттери көрүлүүдө.

Шаарда коронавирус оорусунун жайылуу коркунучун алдын алууда жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерди шаар мэри Мураталы Тагаев жеринде көзөмөлгө алып, нааразычылык жаралган тургундарга түшүндүрүү иштерин алып барды.

Калаа башчы жарандарга түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бул кадамдардын баары элдин ден-соолугуна кам көрүү экендигин кошумчалап, ага баш ийбеген тургундарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрүн эскертти.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарына киргизилген чектөөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жана азык-түлүк ташыган унааларга атайын уруксат кагазынын негизинде гана кирүүгө болот.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17