Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИН УЧУРУНДА ЭЛЕКТР КУБАТЫ, ГАЗ ЖАНА СУУ ӨЧҮРҮЛБӨЙТ

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИН УЧУРУНДА ЭЛЕКТР КУБАТЫ, ГАЗ ЖАНА СУУ ӨЧҮРҮЛБӨЙТ

 1,052 Бардыгы /

Өзбекстанда коммуналдык ишканалар карантин учурунда электр кубатын, газды, сууну үзгүлтүксүз берет жана айып пул жана туумдарды кошуп эсептөөнү токтотот.

Жарандарга коммуналдык кызматтардын акысын банктардын мобилдик тиркемелери жана төлөм системалары аркылуу үйдөн чыкпай төлөө сунушталууда. Мындай мүмкүнчүлүгү жоктор карызды карантин бүткөн сөң төлөшсө болот.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 55 кишиге жетти. Дагы 12,7 миң өзбекстандык ооруканаларда же үйлөрүндө карантинде.

Жарандарга зарыл эмес учурда үйдөн чыкпоо сунушталууда. Көчөгө чыккан учурда сөзсүз түрдө беткап кийүү керек. Беткапсыз жүргөн кишилерге 23-марттан тарта айып пул салына баштады.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17